Иран Ливандагы элчисине кол салуу болгондугуна байланыштуу чара көрөт

Тегеран Израилдин Ливандагы акыркы террордук чабуулу учурунда өзүнүн элчиси Можтаба Аманиге кол салууга байланыштуу чара көрөт.

Бул тууралуу Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Ираванинин Коопсуздук Кеңешине, БУУнун баш катчысына жана 79-Башкы Ассамблеянын төрагасына жолдогон катында айтылат.

«Иран Ислам Республикасы Ливандагы элчисине кол салуу болуп, анын жарадар болушуна байланыштуу тиешелүү чараларды көрөт жана мындац жийиркеничтүү кылмышка жана мыйзамдардын бузулушуна жооп кайтаруу үчүн зарыл чараларды көрүү үчүн эл аралык укукка негизделген укуктарын өзүнө калтырат”, – деп айтылат катта.

Ошондой эле билдирүүдө Израилдин Ливандагы аракеттери карапайым калкты өлтүрүүгө, жок кылууга жана эбегейсиз азапка тартууга жана олуттуу зыян келтирүүгө багытталган жана адамзатка каршы кылмыш болуп саналары белгиленет.

«Мындай үрөй учурарлык кылмыштарды жасаганы үчүн Израилдин режими толук жоопкерчилик тартат», – деп баса белгиледи миссия.

Иран Батыш өлкөлөрү, өзгөчө Израилди колдогон АКШ да анын аракеттери үчүн эл аралык жоопкерчиликти алат деп эсептейт.

«БУУнун баш катчысы жана Коопсуздук кеңеши Израилдин террордук аракеттерин жана Ирандын Ливандагы дипломатиялык миссиясынын башчысына жасалган жийиркеничтүү кылмышты, ошондой эле Ливандын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууларды жана Ливандын жарандарына кол салууларды ачык айыптоого тийиш», – деди Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү.

Ал Коопсуздук Кеңеши дагы Израилди аймактагы кара ниет аракеттери үчүн катуу айыптап, бул террордук режимди Ливанга, Сирияга жана Палестинага каршы бардык агрессия жана терроризм актыларын токтотууга мажбурлоо үчүн чечкиндүү чараларды көрүшү керек деп кошумчалады.

Ливанда 17-18-сентябрда болгон пейджерлердин жана башка жабдыктардын жарылуусунан каза болгондордун саны 32ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин  Al-Hurra телеканалы маалымдады. Алардын 12си чабуулдун биринчи күнү пейджерлерлер жардырылганда  каза болгон. Башка жабдыктардын жарылуусунан экинчи күнү дагы жыйырма адам каза болду. Каза болгондордун арасында төрт бала бар экени маалымдалган. Эки күндүн ичинде болгон жардыруулардан үч миңден ашуун адам жараат алды.

Жараат алгандардын катарында Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Амани да бар. IRNA маалымат агенттиги дипломат жеңил жаракат алганын жана анын өмүрүнө коркунуч жок экенин тактаган.

Ливандын өкмөтү жана “Хезболла” кыймылы массалык чабуул үчүн Израилди айыптады. Израиль  жардыруулардагы ролун расмий тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Комментарий жиберүү