Иран: Пезешкиан президенттикке бекитилип, биринчи вице-президентти дайындады

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи жаңы шайланган Масуд Пезешкянды Ислам Республикасынын президенти кылып бекиткен жарлыкка кол койду.

Тегерандагы иш-чарага Иран жетекчилигинен көптөгөн жогорку даражалуу расмий адамдар катышты.

Салтанат Ички иштер министрлигинин башчысы Ахмад Вахидинин президенттик шайлоо кандай өткөнү тууралуу баяндамасы менен башталды.

Жарлыктын текстин Хаменеинин кеңсесинин башчысы Мохаммад Гольпаегани окуду. Түп нусканы Жогорку лидер Пезешкянга жеке өзү тапшырды.

Жаңы президент элге ыраазычылык сөздөрүн айтып, элди ынтымакка, биримдикке чакырды.

Шайланган президентти бекитүү аземи милдеттүү болуп саналат жана ал Мажлис имаратында (бир палаталуу парламент) боло турган инаугурациянын алдында өткөрүлөт.

Пезешкиандын инаугурациясы 30-июлда болот.

Пезешкиан расмий түрдө президенттик кызматка киришери менен Мохаммад Реза Арефти биринчи вице-президент кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Мохаммад Реза Ареф Иран саясатынын реформачыл канатына кирет жана реформачыл президент Мохаммад Хатаминин тушунда 2001-2005-жылдары Ирандын биринчи вице-президенти болуп иштеген. Учурда 72 жаштагы Ареф Саясий максатка ылайыктуулугун аныктоо кеңешинде мүчө.

Эске салсак, Масуд Пезешкиан Иранда президенттик шайлоонун 5-июлда өткөн экинчи айлампасында жеңип чыккан. 69 жаштагы Пезешкиан атаандашы Саид Жалилини 53,7% добуш менен утуп алган. Жалилини шайлоочулардын 44,3% колдогон.

Иранда шайлоо мурдагы президент Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү.

Буга чейин Иран Межлисинин (парламентинин) президиумунун мүчөсү Можтаба Юсуфи Пезешкяндын инаугурация аземине кеминде 60 өлкө өз делегацияларынын катыша тургандыгын тастыкташканын билдирген.

Комментарий жиберүү