Иран: президенттик шайлоого катышууга 80 талапкер катталды

Ирандын президенти Ибрахим Раиси учак кырсыгынан каза болгондон кийин белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо аяктады. Беш күндүн ичинде расмий каттоодон 80 адам өттү.

Бул тууралуу Ислам Республикасынын шайлоо штабынын башчысы Мохаммад Таги Шахчераги билдирди.

Анын айтымында, шайлоо штабынын эшиги жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө жабылды. Жалпысынан 278 адам өз талапкерлигин көрсөтүүгө аракет кылган, бирок талаптарга жооп берген 80 гана талапкер катталган.

Шахчераги шайлоодо 80 адамдын баары тең талапкер боло албасын, анткени дагы жети күн алардын иши Конституцияны сактоочулар кеңеши тарабынан каралып, талапкердин президенттикке жарамдуулугун аныктай турганын эске салды.

Катышуучулардын акыркы тизмеси 11-июнда жарыяланат. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо мамлекет башчы Ибрахим Раиси авиакырсыктан каза болгондон кийин 28-июнга белгиленген.

Каттоодон өткөн талапкерлердин арасында Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад, парламенттин мурдагы төрагасы Али Ларижани, Борбордук банктын мурдагы башчысы Абд-оль Насер Хеммати, Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили, Ислам революциясында Сакчылар корпусун мурда башкарган генерал Сейед Вахид Хагганиан, мурдагы саламаттык сактоо министри, парламент депутаты Масуд Пезешкиан, вице-президенттер, азыркы жана мурдагы министрлер менен парламентарийлер, ошондой эле парламенттин (мажлис) азыркы жана мурунку төрагалары Али Лариджани менен Мохаммад Багер Галибаф, биринчи жолу президенттикке талапкер болуп катталган аял Зохре Элахиан жана башкалар бар.

Талапкерлердин талаптарга ылайыгын текшерүү 4-июндан 10-июнга чейин жүргүзүлөт. Шайлоого ат салышкандардын соңку тизмеси 11-июнда белгилүү болот.

Эске салсак, Иранды 2021-жылдан бери башкарып келген Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон. Раиси жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Аль-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү жана экипаж мүчөлөрү жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатып кыйраган. Андан аман калгандар жок экени 20-майда расмий тастыкталган.

Раисинин милдетин убактылуу аткаруу Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберге жүктөлгөн. Мохбер шайлоого катышууга өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн жок.

Комментарий жиберүү