Иран ЕАЭБде байкоочу мамлекет статусун алууга кызыгуусун билдиргенин Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын башчысы Бакытжан Сагинтаев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.
«Биздин соода өнөктөшүбүз Ирандан тиешелүү нотаны 27-майда алдык. Ал белгиленген тартипте каралат», – деди Сагинтаев.
Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук эске салгандай, бул макамды алуу үчүн белгилүү бир процедуралар бар. Бирок алар ишке ашса, Иран болжол менен ушул жылдын декабрынын аягында байкоочу боло алат.
Учурда эл аралык интеграциялык экономикалык бирикме ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Өзбекстан, Куба жана Молдова уюмда байкоочу статусуна ээ.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрында Санкт-Петербургда Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Документ 2019-жылдан берки убактылуу келишимдин ордун басат. Учурда ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүргүзүү боюнча келишим ратификациялоо процедурасынан өтүп жатат.
Убактылуу соода келишиминин иштөөсүнүн акыркы беш жылында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү эки эседен ашык өскөн. 2019-жылы 2,4 миллиард доллар болсо, 2023-жылы 5,2 миллиард долларга жеткен. Сооданы өнүктүрүүнүн оң динамикасы 2024-жылы да уланат.