Иран ХАМАСтын лидеринин өлүмү үчүн Израилден өч алабы? Эксперттер эмне дейт

Батыш маалымат каражаттары жакынкы убакта Иран Израилдин ири шаарларына жүздөгөн ракеталарды жана учкучсуз учактарды учурушу мүмкүн экенин жазышууда. Бул ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө жооп болмокчу. Эксперттер Тель-Авив Жакынкы Чыгышта чоң согушту тутандырууга аракет кыларын жокко чыгарышпайт.

Хания жана анын жансакчысы 31-июлга караган түнү Тегеранда резиденциясында өлтүрүлдү. Ал Иранга президент Масуд Пезешкяндын инаугурациясына катышуу үчүн келген. 

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 1-августта Ирандын баш калаасы Тегеранда өттү. Коштошуу иш-чарасына расмий бийликтин өкүлдөрү, анын ичинде жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиан баш болгон он миңдеген жарандар чогулду.

ХАМАСтын лидери бүгүн жума күнү Катарда жерге берилет.

Израилдин изи

ХАМАС Ханиянын өлүмүнө Израилди айыптады. Кыймылдын басма сөз катчысы Сами Абу Зухри Ханиянын өлтүрүлүшү ХАМАСтын эркин сындырууга багытталган олуттуу эскалация деп билдирди. Алар Израилдин чабуулу жазасыз калбайт деп эскертишти.

Ушундай эле пикирди Иран бийликтери да билдирди. Өлкө президенти Масуд Пезешкиан Иран менен Палестинанын элинин ортосундагы байланыш мурдагыдан да бекем болорун айтып, Иран өзүнүн аймактык бүтүндүгүн коргой турганын жана баскынчы-террорчулардын коркоктук аракеттерине өкүндүрөрүн билдирди.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Израиль Ханияны өлтүрүү менен өздөрүн катаал жазага кириптер кылганын айткан.

“Кылмышкер жана террористтик сионисттик режим (Израиль – ред.) бул аракети менен өздөрүн катаал жазага кириптер кылды. Биз Ирандын аймагында шейит болгон адамдын каны үчүн өч алууну өзүбүздүн милдетибиз деп эсептейбиз”, – деген аятолла.

Иран ТИМи чабуулдун жоопкерчилигин Израилге артып, бул кадамга АКШнын катыштыгы бардыгын билдирген.

The New York Times басылмасы Ирандын руханий лидери Израилге түз чабуул жасоого буйрук берди  деп ырастоодо. Гезиттин маалыматы боюнча, сокку ракеталар жана учкучсуз учактар ​​менен жасалышы мүмкүн. Ушундай эле операция апрель айында да жүргүзүлгөн. Пентагондун чалгын кызматы 1-августка караган түнү Иран жакынкы 72 сааттын ичинде чабуул жасай турганын кабарлады.

Расмий Тель-Авив болгон окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жок. Жергиликтүү маалымат каражаттары премьер-министр Биньямин Нетаньяху өз командасына түн ичинде болгон окуя боюнча үн катпоого буйрук бергенин маалымдашты.

Түнкү операцияга тиешеси жок экенин Америка Кошмо Штаттары да билдирди. Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Ханиянын өлтүрүлүшү тууралуу билбегенин жана буга катышы жок экенин айтып, бул окуянын аймактагы абалга таасири кандай болорун божомолдой албай турганын белгиледи.

Согушту тутандыруучулар

ХАМАСтын лидеринин өлтүрүлүшү акыркы бир нече күндө Жакынкы Чыгышта чоң согушка алып келиши мүмкүн болгон экинчи окуя.

Биринчиси – 1967-жылы жөөт мамлекети басып алган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждал-Шамс  шаарчасындагы футбол талаасына жасалган чабуул. 27-июлдагы каргашанын курмандыктары 10 жаштан 16 жашка чейинки 12 бала болуп, 70тен ашууну жаракат алган. Израиль бул үчүн ливандык “Хезболланы” айыптады, бирок бул кыймыл ага тиешеси жок экенин билдирди.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги да четте калган жок. Министрликтин өкүлү Насер Канани Иран Израиль тарабынан оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль-Шамс шаарына жасалган ракеталык чабуул – Тель-Авивдин Газа тилкесиндеги кылмыштарынан коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн жасалган «жасалма сценарий» деп атады.

Эксперттердин пикири

Орусиянын Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Араб жана ислам изилдөө борборунун жетекчи илимий кызматкери Борис Долгов Ханиянын өлтүрүлүшү Голан дөңсөөлөрүн аткылоого жооп болгонун белгилегинин РИА Новости агенттиги жазды.

“Израилдин жетекчилиги жооп кайтарууга убада берип, сөзүнө турду. Муну менен Нетаньяху дагы деле өз өлкөсүн коргоого даяр, күчтүү лидер экенин көрсөттү. Бул ал үчүн маанилүү, анткени калктын көбү премьер-министрге карата терс көз карашта. Мындай демонстрациянын кесепети Ирандын жана анын союздаштарынын Израилдин кээ бир маанилүү объектилерине массалык ракеталык соккусу болот”, – деп эсептейт эксперт.

Өз кезегинде Жакынкы Чыгышты жана Борбор Азияны изилдөө борборунун директору Семён Багдасаров Иран өз алдынча, эч кимдин жардамына кайрылбастан Хайфа менен Тель-Авивдеги аскерий объектилерге сокку урушу мүмкүн деп эсептерин РИА Новости жазат.

Эксперттин айтымында, Хания Бейруттун түштүк четиндеги кол салуудан бир күндөн кийин жок кылынды.  “Хезболланын” негизги инфраструктурасы ошол жерде жайгашкан. Муну менен Нетаньяху чоң согушту баштоого аракет кылып жатат, андан кийин ага АКШ да аралашууга аргасыз болот.

“Израиль Газадагы узакка созулган тирешүүгө катышып, 500 миңдей кишини курал астында кармап, 100 миңдей качкынды колдоого аргасыз болууда. Ошол эле учурда өлкөнүн түштүгүндөгү көптөгөн ишканалар согуштук аракеттерден улам иштебей турат. Тель-Авив минтип көпкө тура албайт, ошондуктан Нетаньяху чыр-чатакты кеңейтип, жүктүн басымдуу бөлүгүн Вашингтонго оодарууну каалайт”, – дейт саясат таануучу.

Комментарий жиберүү