Эксперт: ХАМАСтын лидерин өлтүрүү – Иранды Израиль менен масштабдуу кагылышууга түртүүгө багытталган

Палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүрүлүшү Иранды Жакынкы Чыгышта Израиль менен олуттуу тирешүүгө мажбурлоо максатын көздөйт.

Мындай пикирин ирандык саясат таануучу, профессор Мехди Сейф Табризи ТАСС агенттигине билдирди.

ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун 62 жаштагы башчысы Исмаил Хания Ирандын баш калаасы Тегеранда болгон кол салууда өлтүрүлдү. Ал Иранга жаңы президент Масуд Пезешкиандын 30-июлда өткөрүлгөн инаугурациясына катышуу үчүн барган.

ХАМАС кыймылы Хания Тегеранда өткөрүлгөн Израилдин рейдинин маалында өлтүрүлгөнүн тастыктады. Израиль бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Иран бийлиги өлкө аймагында өлтүрүлгөн ХАМАСтын лидеринин өлүмү жоопсуз калбай турганын айтып, Израилди “катуу жазалоону” убада кылды.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани Ханиянын өлүмү Иран, Палестина жана каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн ортосундагы байланышты бекемдей турганын билдирди.

“Тегерандагы түнкү операция, албетте, Иранды Израиль менен масштабдуу кагылышууга түртүүнү көздөгөн”, – деди эксперт.

Анын айтымында, Израиль аймакта жаңы согушту баштоо үчүн Иранды бул өлтүрүүгө жооп берүүгө мажбурлоого аракет кылууда.

Эксперттин айтымында, жөөт мамлекетинин премьер-министри Бинмин Нетаньяху өзүнүн саясатына жана Газа тилкесиндеги операция учурунда армия менен чалгын кызматынын ийгиликсиздигине израилдиктердин нааразылыгын азайтууну, ошондой эле Батыш өлкөлөрүнүн колдоосун алууну каалайт.

“Палестинанын анклавында 10 айдан бери уланып жаткан аскердик операция Нетаньяхуну түндүктөн Хезболланын аткылоосунан улам Израилдин чек арасынын коопсуздугун камсыздай албагандыгы үчүн, ошондой эле Газадагы жаңжалдан улам ички жана эл аралык басымдын шарттарына кептеди”, – деди Табиризи.

Эксперттин айтымында, Нетаньяху Ханиянын өлтүрүлүшүн Ирандын апрель айында Ислам Республикасынын Дамасктагы консулдугун аткылоого жооп катары жөөт мамлекетинин аймагына ракета жана учкучсуз учактар менен жасаган массалык чабуулуна Израиль тараптан жооп болбогондуктан келип чыккан ички келишпестиктерди жумшартуу үчүн шылтоо катары колдонушу мүмкүн.

Апрель айынын башында Израиль Ирандын Дамасктагы башкы консулдугуна кол салган. Ирандын Ислам революциясынын сакчылары корпусунун маалыматы боюнча, кол салуудан жети ирандык офицер, анын ичинде эки жогорку даражалуу генерал кеңешчилер набыт болгон.

Эки жумадан кийин Тегеран Израилге жооп кайтарып, жүздөн ашуун пилотсуз учактар жана ракеталар менен сокку урган.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Тегеран соккуну  БУУнун Уставынын 51-беренеси боюнча жана эл аралык укук тарабынан таанылган Ирандын өзүн-өзү коргоого болгон ажырагыс укугунун алкагында гана жасаганын билдирген.

Саясат таануучу белгилегендей, Израилдин министрлер кабинетинин башчысы Хезболла менен согуш гана Иранды Жакынкы Чыгышта кеңири масштабдуу кагылышууга мажбурлай аларын түшүнөт, ошондуктан Израиль Голан дөңсөөлөрүндө Маждаль-Шамс аймагында жалган желек астында операция өткөрдү.

Эске салсак, 27-июлда Израиль тарабынан оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль-Шамс шаарына ракеталык сокку урулуп, андан 12 киши набыт болуп, 30дан ашыгы жараат алган. Жабыркагандар 10-20 жаштагы балдар болгондугу, снаряд балдар топ ойноп жаткан футбол аянтчасына түшкөнү маалымдалган.

Израиль Голандагы чабуул үчүн Ливандын “Хезболла” кыймылын айыптаган. “Хезболла” ракеталык чабуулга тиешеси жок экенин билдирген.

Комментарий жиберүү