Ооганстандын борбор калаасы Кабулда мектептерде катары менен жардыруулар болду.
Бул тууралуу чет элдик басмылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, биринчи жардыруу Кабулдун алтынчы коопсуздук районунун Кала-и-Нау аймагындагы Мумтаз мектебинде, экинчи жардыруу хазар тектүү шииттер байырлаган конуштагы Абдул Рахим Шахид атындагы жогорку класстын окуучулары окуган мектепте болгон.
Күбөлөр Мумтаз мектебиндеги жардыруудан 6 адам каза таап, ондогон адамдар жаракат алышканын билдиришкен. Жарылуу колго жасалган гранатадан болгону айтылууда.
Ооганстанды көзөмөлдөгөн “Талибан” кыймылы окуя боюнча комментарий бере элек. Өлкөдө аракеттенген куралдуу топтордун бири дагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек.