Иран Орусиядагы батыш товарларынын ордун басат

Иран Орусияда тиричилик химиясы жана медицина тармагындагы батыш товарларынын бир катар позицияларынын ордун баса алат.

Бул тууралуу орус-иран ишкерлер кеңешинин төрагасы Владимир Обыденов РИА Новостиге билдирди.

«Иран тууралуу айта турган болсок, биздин бизнес батыштын айрым товарларына альтернатива табышы толук ыктымал», – деди Обыденов.

Анын айтымында, күнүмдүк товарларга альтернатива табууга болот – балдар жана чоңдор үчүн гигиеналык каражаттардан баштап ашкана идиштерине чейин.

«Иран тиричилик химия товарларынын кеңири ассортиментин өндүрөт. Орусия тараптан кызыгуу болсо, биздин рынокто батыш товарларынын бир катар позицияларын алмаштырууга болот. Ал үчүн көп убакыт талап кылынбайт», — деди Обыденов.

Ал ошондой эле Иранда медицина, фармацевтика жана медициналык туризм, курулуш жана жасалгалоочу материалдарды өндүрүү кыйла өнүккөндүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Украинада атайын операция башталгандан кийин Unilever (Dove, Domestos, Cif, Axe, Rexona, Чистая линия, Черный жемчуг бренддери), Procter & Gamble (Ariel, Always, Head & Shoulders , Fairy, Gillette) ошондой эле Johnson & Johnson (Listerine, Clean & Clear, Carefree) компаниялары Орусияга товар импорттоо жана инвестиция салуулар токтотулганын жарыялашкан.

Комментарий жиберүү