Камала Харрис менен Дональд Трамп дебатта биринчи жолу жолугушту

АКШ президенттигине талапкерлер Камала Харрис менен Дональд Трамп ноябрь айындагы добуш берүүнүн алдында ABC News телеканалынын түз эфиринде шайлоо алдындагы биринчи жана балким, жалгыз теледебатын өткөрүштү. Дебат шайлоого эки айга жетпеген убакыт калганда өттү.

Дискуссиянын биринчи бөлүгү жана ABC телеканалынын алып баруучусу Дэвид Муир берген биринчи суроо экономикага багытталды. “Америкалыктар төрт жыл мурункуга караганда жакшыраак жашайт деп ишенесизби?” — деп сурады ал.

Харрис алгач жооп берип, “мүмкүнчүлүк экономикасын” курууну пландап жатканын айтты. Ал турак-жай маселесин чечүүгө, жаш үй-бүлөлөргө жана чакан бизнеске жардам берүүнү убада кылды.

Трамп демократтар төрт жылда экономиканы талкалап салышканын, ал эми Харрис жөн эле Жо Байдендин экономикалык программасын көчүрүп алганын айтты.

«Дональд Трамп бизди Улуу Депрессиядан берки эң начар жумушсуздук менен калтырды. Биз [Демократтар] кылгандын баары Дональд Трамп түзгөн башаламандыкты тазалоо болду ”, – деди Харрис.

Талапкерлер бири-биринин сөздөрүн бир нече жолу калп деп айыпташты. Дебаттын башталышында Харрис көрүүчүлөр Трамптан “көп калпты, арызданууну жана атын атаганды” уга турганын айтты.

Трамп Камала Харристи “марксист” деп атап, анын ишин Стэнфорд университетинин мурдагы экономисти атасынын иши менен байланыштырууга аракет кылган.

«Эгер ал шайланып калса, ал баарын өзгөртөт. Бул биздин өлкөнүн акыркы жашоосу болот. Ал марксист, анын марксист экенин баары билет. Анын атасы марксист, экономика профессору жана ал аны жакшы үйрөткөн”,- деди Трамп.

Харрис Трампка кайрылып, анын сөздөрүнө комментарий берип жатып “уят” деген сөздү бир нече жолу колдонгон.

«Дүйнө лидерлери Дональд Трампка күлүп жатышат. Мен аскер башчылары менен сүйлөштүм, алардын айрымдары Сиз менен иштешкен, алар Сизди уятсыз деп айтышат», – деди Харрис мурдагы президентке кайрылып.

“Путин сени түшкү тамакка бышырып жейт”

Жарналамалык тыныгуудан кийин сүйлөшүү Украинадагы согушка бурулду. Трамп согуш бүтүшү керек жана ага жетише аларын айтты. Анын айтымында, ал Владимир Путин менен Владимир Зеленскийди жакшы билет жана алар аны сыйлашат.

«Алар мени сыйлашат жана Байденди сыйлашпайт. Эмне үчүн аны сыйлаш керек? – деди ал.

Харрис Трампка шайлоодо Байден менен эмес, аны менен күрөшүп жатканын эскертип жооп берди.

“Биздин НАТОдогу өнөктөштөрүбүз Сиздин президент болбой калганыңызга абдан ыраазы”, – деди Харрис Трампка. “Эгер Дональд Трамп президент болгондо, Путин азыр Киевде отуруп, Польшадан баштап Европанын калган бөлүгүн карап отурмак”.

Ал Путин “Сизди [Трампты] түшкү тамакка бышырып жей турган диктатор”,- деди.

Трамп Харристи “тарыхтагы эң начар вице-президент” деп атап, ал вице-президент болуп турганда согуштун алдын ала албаганын айтты.

Миграция: Миграция тууралуу суроого Трамп айрым республикачылар акыркы күндөрү АКШга мигранттар үй жаныбарларын жеп жатышат деген кутум теориясын кайталады. Алып баруучулар, Трамп Огайо штатынын Спрингфилд шаарында айтып жаткан шаардын менеджери ушак-айыңдарды четке какканына көңүл бурушту. Бул экс-президенттин ачык кыжырын келтирди. Трамп сүйлөп жатканда Харристин микрофону өчүп калды, ал күлүп, башын чайкап, “Эмне?”, – деди окшойт.

Израилдин ХАМАСка каршы согушу: Харрис бул маселе боюнча мурунку билдирүүлөрүнүн айрымдарын кайталап, Израилдин өзүн-өзү коргоого укугу бар экенин, бирок муну кантип жасаганы маанилүү экенин айтты. «Бул согуш бүтүшү керек. Бул дароо бүтүшү керек», – деди ал. Трамп эгер ал президент болгондо жаңжал эч качан башталмак эмес деп билдирди. «Ал Израилди жек көрөт. Эгер ал президент болсо, эки жылдан кийин Израил жок болот деп ишенем», – деди Трамп.

Корутунду сөзүндө Харрис август айында Демократиялык партиянын улуттук курултайында сүйлөгөн сөзүндө: “Биз артка кайтпайбыз” деп айтканын кайталады. Ал бардык америкалыктар үчүн президент болом деп дагы бир жолу айтты. Харрис аны менен Трамптын Америкага карата көз караштары ар башка экенин айтты.

Трамп корутунду сөзүндө Харриске дагы бир жолу чабуул жасап, анын саясий платформасы эч нерсени билдирбейт деп айтты. “Силер америкалыктар ишенбеген нерселерге ишенесиңер”,-  деди ал. – Биз олуттуу төмөндөп бараткан өлкөбүз. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча бизге күлүп атышат».

АКШнын мурдагы президенти, 78 жаштагы Дональд Трамп июль айында өткөн курултайда Республикалык партиянын талапкерлигине расмий түрдө көрсөтүлгөн.

АКШнын азыркы вице-президенти, 59 жаштагы Камала Харрис июнь айында Трамп менен болгон ийгиликсиз дебатынан көп узабай Жо Байдендин президенттик жарышынан чыгып, август айында Демократиялык партиянын президенттикке талапкери болуп калган.

Бул Трамптын 2016-жылы талапкер катары чыккандан берки жетинчи президенттик дебаты болду. Бул Харристин биринчи тажрыйбасы болгон. Анын үстүнө эки талапкер бири-бири менен бир да жолу жолугуп, сүйлөшпөгөн.

Дебат Филадельфиядагы Конституцияны изилдөө боюнча улуттук борбордо (Пенсильвания штатынын эң ири шаарында – азыркы шайлоодогу негизги шаар) өттү жана 90 мүнөткө созулду.

Дебаттын форматы июнь айынан бери өзгөргөн жок – студиянын аудиториясы болгон жок, суроолорду ABC телеканалынын алып баруучулары Дэвид Мюир жана Линси Дэвис беришкен жана атаандашы сүйлөп жатканда ар бир талапкердин микрофону өчүрүлүп турду.

Мындан тышкары, талапкерлерге алар менен жазууларды даярдоого тыюу салынган, кызматкерлер жарнама учурунда алар менен байланыша алышкан жок. Дебаттын катышуучулары да бири-бирине суроо бере алышпады.

Талапкерлер шайлоо алдында кайрадан дебатка чыгабы же жокпу, азырынча белгилүү эми. Мындай мүмкүнчүлүктү эки штаб тең жокко чыгарган жок. Трамп кийинки турду сентябрда өткөрүүнү сунуштады, Харристин штабы октябрь айында жолугууну айткан.

Комментарий жиберүү