Армения Азербайжан менен тынчтык келишимине кол коюуга даяр

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жакын арада Азербайжан менен тынчтык келишиминин макулдашылган текстине кол коюуга даяр экенин ырастады. Бул тууралуу Armenpress маалымат агенттиги жазды.

Пашинян тынчтык келишиминин учурда макулдашылган бөлүгүндө Армения менен Азербайжандын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча жобо бар экенин белгиледи.

“Ошондуктан, биз ушундай чечимдерди кабыл ала алабыз, биз бул сунушту ачык жана расмий түрдө жасадык жана мен жакынкы келечекте тынчтыкты жана мамилелерди орнотуу боюнча сүйлөшүүнүн макулдашылган текстине кол коюуга даяр экенибизди ырастагым келет”, – деди ал «Ереван диалогу» конференциясында сүйлөгөн сөзүндө”. Н. Пашинян мындан тышкары тынчтык келишими 80% макулдашылганын кошумчалады.

Премьер-министр Армения Азербайжанга буга чейин макулдашылган беренелер менен тынчтык келишимине кол коюуну, андан кийин башка маселелерди талкуулоону улантууну сунуш кылганын айтты.

Комментарий жиберүү