Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн биринде жашыруун теракт уюштурууга даярданган деп шектелген Н.Р. аттуу кыргыз жараны, эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Атайын кызмат кармалган жарандын “Telegram” мессенжериндеги жашыруун аккаунттар аркылуу жасаган бардык аракеттери террористтик уюмдардын биринин эмиссарлары тарабынан координацияланганын аныктад
“Бул кылмышты ишке ашырууга аракет кылганга чейин Н.Р. эл аралык террордук уюмдун жетекчисине ант берген”, – деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте террористтик топтун башка катышуучуларына карата тергөө амалдарын жүргүзүүдө.