“Кылмышкерди дүркүрөгөн кол чабуулар менен актоого болбойт”. Иран президенти Нетаньяхунун АКШ Конгрессинде сүйлөгөнүн сынга алды

Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкян Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун АКШ Конгрессинде сүйлөгөнүн сынга алды.

«Бейкүнөө адамдардын жана коргоосуз балдардын өлтүрүлүшүнө көңүл бурбай коюуга болбойт, ал эми  кылмышкерди шатырата кол чабуулар менен актоого болбойт. Бейкүнөөлөрдүн каны эзүүчүнү эч качан аябайт», — деп жазган саясатчы X (мурдагы Twitter) баракчасына.

24-июлда Нетаньяху АКШнын Конгрессинде сөз сүйлөп, палестиналык ХАМАС кыймылы куралын таштап, барымтадагыларды бошоткондо гана Газа тилкесиндеги аскердик операцияны токтоторун айткан. Ал  Жакынкы Чыгышта НАТОго окшош коопсуздук альянсын түзүүгө чакырган.

Натеньяхунун Конгрессте сөз сүйлөшү дүйнөдө ар кандай реакцияларды жаратты.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да реакция жасады.

Ал америкалык конгрессмендердин Израилдин премьер-министрине шатырата кол чабуусун сынга алып, мунун артында кандай саясат турганы коркунучтуу көрүнүш экенин белгилеп, бул АКШ саясатына болгон дүйнөдөгү көз карашты кантип өзгөртө алат деген.

Пезешкиан 5-июлда Ирандын президенти болуп шайланган. 28-июлда, Ирандын лидери Пезешкяндын кызматка келишин ырастаган жарлыкка кол койгондон эки күндөн кийин парламентте жаңы жетекчинин ант берүү аземи болот.

Комментарий жиберүү