Байсалов америкалык конгрессмендердин Нетаньяхуга шатырата кол чабуусун сындады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов америкалык конгрессмендердин Израилдин премьер-министрине шатырата кол чабуусун сындады. Бул тууралуу ал өзүнүн X социалдык тармагына билдирүү калтырганын Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

Буга чейин Беньямин Нетаньяху АКШ конгрессинде сөз сүйлөп, бул дүйнөдө ар кандай кабыл алынды.

Анын айтымында, кечээ кечинде Нетаньяхунун сүйлөгөнүн көргөн. Анын кебинин мазмуну эмес, ар бир сөзү АКШ конгрессинде дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолгону кыжырды келтирген.

“Мунун артында кандай саясат турганы коркунучтуу көрүнүш. Бул АКШ саясатына болгон дүйнөдөгү көз карашты кантип өзгөртө алат?”, – деп Байсалов Х баракчасына.

Израилдин премьер-министринин конгрессте сүйлөгөнү Капитолийдин алдында согушка каршы активисттердин нааразылык акциялары менен коштолуп, полиция айрым катышуучуларды камакка алган.

Бул кайрылууга реакция ар кандай болду. Кээ бир демократтар Нетаньяхуну Газадагы согуш үчүн сындап, он чактысы анын сөзүнө бойкот кылды. Ал эми айрымдар кол чабууларды “жийиркеничтүү” деп баалашты.

ЖМКлар Нетаньяху сүйлөп жатканда Израиль аскерлери Газаны бомбалап жатканын жазышты.

Буга чейин Байсалов эл аралык коомчулукту, биринчи кезекте Израилдин башкы демөөрчүсү АКШны Газа тилкесиндеги геноцидди токтотууга чакырган.

Комментарий жиберүү