Байдендин президенттик жарыштан чыгышы эмнени билдирет? Эксперт жана саясатчылардын пикири

АКШнын азыркы президенти Жо Байден экинчи мөөнөткө ат салышпай турганын жарыялады.

Жо Байден жалпы америкалыктарга кайрылуусунда жарыштан чыгуу чечимин кабыл алганын элге түшүндүрүп, шайлоого катышуудан баш тарткан себебин жаңы муундун бийликке келишине шарт түзүүгө убакыт келгени менен түшүндүрдү.

“Мен бийликти жаңы муунга өткөрүп берүүнү чечтим. Бул өлкөнү бириктирүүнүн мыкты жолу”, – деген Американын лидери.

Калган мөөнөткө пландар жана Хариисти колдоо

Америкалык лидер алдыдагы алты айда президент катары өз жумушуна көңүл бурарын, анын ичинде экономикалык өсүштү камсыздоого жана жарандардын укуктарын коргоого басым жасай турганын баса белгиледи.

Байден ошондой эле АКШ НАТОну бекемдеп, Украинаны колдоону уланта турганын белгиледи. Мындан тышкары, ал Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотууга жетишүү ниетин билдирди.

Байден жарыштан чыгып жатканын жарыялаганда ордуна вице-президент Камала Харристин талапкерлигин сунуштаган. Америкалыктарга кайрылуусунда да ал Харристи алдыдагы шайлоодо колдоого чакырды.

Буга чейин Камала Харристи президенттик шайлоого расмий талапкер катары көрсөтүү үчүн Демократиялык партиянын курултайынын көпчүлүк делегаттары колдоого даяр экенин айрым америкалык маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Байдендин чечими күтүүсүз болгон жок

Байдендин чечими күтүүсүз болгон жок. Буга Республикачыл талапкер Дональд Трамп менен ийгиликсиз дебаттар, 13-июлда Трампка кол салуу аракети, ошондой эле Байдендин ден соолугуна байланыштуу суроолор себеп болду. 27-июнда Байден менен Трамптын биринчи дебатынан кийин CNN телеканалынын көрүүчүлөрү Трампты жеңүүчү деп аташкан.

Телекөрүүчүлөрдүн 67%ы АКШнын мурдагы президентине, азыркы президентке 33%ы добуш беришкен. Сурамжылоого катышкандардын 57%ы Байдендин өлкөнү башкара аларына ишенбей турганын айтышкан. Анда көптөгөн эксперттер жана серепчилер Байдендин ишмердүүлүгү анын кайра шайлануу мүмкүнчүлүгүн кыйла начарлатканын белгилешкен.

17-июлда президент коронавирус жуктуруп алып, өзүн-өзү изоляциялоого аргасыз болгону белгилүү болгон. Ал 23-июлда жумушуна кайтып келген.

ВВСнин маалымат булактарынын билдиргенине караганда, Байден президенттик жарыштан баш тартуу боюнча акыркы чечимди 14-июлда эртең менен өзүнүн администрациясындагы жана шайлоо штабындагы негизги фигураларга өзүнчө чалып, сүйлөкөндөн кийин кабыл алган. Ошол эле күнү түштөн кийин ал Ак үйдүн жана шайлоо кампаниясынын жооптуу кызматкерлери менен видеоконференция өткөрүп, андан кийин ал ачык билдирүү жасап, аны жарыялаган.

Саясий чөйрөлөрдүн жана эксперттердин реакциясы

Байдендин чечими жөнүндө Москва андай ойдо?

РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Байдендин чечими Кремлде таң калууну жаратпаганын айтты: «Чынын айтсам, акыркы жылдары АКШда болуп жаткан окуялар бизди эч нерсеге таң калбоого үйрөттү. Ошондуктан, биз өтө таң калган жокпуз».

Кийинчирээк Песков журналисттердин “Харристин талапкерлиги Кремлде кандай бааланып жатат”, “ал Россия менен АКШ алакасына кандай таасир берет” деген суроолоруна жооп берип, Харристин эки тараптуу мамилеге салымы жок болгондуктан президенттин администрациясы азырынча ага баа бере албай тургандыгын белгилеген.

Ошол эле учурда ал Харристин Россияга карата айткан айрым билдирүүлөрү достук маанайда эмес экенин айткан.

Америкалык эксперттердин пикири

АКШнын мурдагы чалгын кызматкери Скотт Риттер “Известия” гезитине берген маегинде Байдендин мындай чечиминин себептери тууралуу пикирин билдирип, Жо Байден физикалык жактан да, когнитивдик жактан да шайлоого катыша албарын айтып, төрт жылдын ичинде эл анын өлкөнү башкаруу жөндөмдүүлүгүнө ишенимин жоготконун белгилеген.

Риттер ошондой эле Демократиялык партиянын өкүлдөрү эгер Байден шайлоо өнөктүгүнө катышууну уланта берсе, президенттик шайлоодо эле эмес, бийликтин бардык үч бутагына көзөмөлдү жоготуп алуу коркунучун түшүнүшкөнүн белгиледи.

Скотт Риттер ноябрга чейин дагы көп нерселер болушу мүмкүн экенин жана шайлоонун жыйынтыгы шайлоочулардын катышуусуна жана талапкерлердин шайлоо күнүндө америкалыктардын эмоциясын жеткирүү жөндөмүнө жараша болорун кошумчалады.

Россиялык эксперттердин баасы жана божомолдору

Россиянын Эл аралык иштер кеңешинин илимий жетекчиси Андрей Кортунов Байдендин Харристи колдогону бардыгын ага добуш берүүгө милдеттендиргенин билдирбей турганын айтып, шайлоого аз гана убакыт калса да, Камала Харриске чакырык таштай ала турган талапкерлердин пайда болушун жокко чыгарган жок.

Эксперт Харристин бир нече негизги көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгын белгиледи:

  • Каржылоону токтоткон партиялык донорлор менен ишти калыбына келтирүү;
  • Вице-президенттикке жаңы талапкерди аныктоо;
  • Трамп менен жаңы форматтагы дебаттарга даярдануу.

Россия илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономиканы изилдөө институтунун АКШнын ички жана тышкы саясат секторунун башчысы Виктория Журавлева талапкерди капысынан алмаштыруу Демократиялык партиянын позициясына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт.

«Талапкерди капысынан өзгөртүү Демократиялык партияга, айрыкча партияларга анча ишене бербеген шайлоочулардын көз алдында абдан катуу таасирин тийгизет. Демократиялык талапкер катары Камала Харристин көрсөтүлүшү президенттик жарышта жаңы баракты ачат. Бирок, эксперттер ал туш боло турган бир катар кыйынчылыктарды белгилешет», – деди Журавлева.

Ал ошондой эле вице-президентти тандоо Харрис үчүн маанилүү болот деп эсептейт: «Кайрадан аялды вице-президент кылып алуу алсыз схема, америкалыктар буга анча даяр эмес. Штаттардан эркек бир кишини алышы керек”.

Байдендин шайлоого катышуудан баш тартуусу АКШнын саясатындагы күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртөт

Жо Байдендин президенттик жарыштан баш тартышы АКШнын саясий турмушунда күтүүсүз бурулуш болду. Чечим Камала Харрис үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бирок ошондой эле алдыдагы шайлоо алдында белгисиздикти жаратат.

Бул жагдай алдыдагы шайлоодо күчтөрдүн тең салмактуулугун олуттуу түрдө өзгөртөт. Республикачылардын негизги талапкери Дональд Трамп буга чейин Байденге караганда Харристи жеңүү оңой болорун айткан.

Байден шайлоодон баш тарткандан кийин Reuters жана Ipsos тарабынан жүргүзүлгөн биринчи сурамжылоо Харристи респонденттердин 44%ы жана Трампты 42%ы колдогон. Бул маалыматтар алдыдагы жарыш абдан курч болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат.

Байдендин чечими ошондой эле жаш курактын жана ден соолуктун саясаттагы ролу, ошондой эле америкалык коомчулуктун өлкөнүн жогорку жетекчилигин муун алмашууга даярдыгы тууралуу маанилүү суроолорду жаратат.

Жакынкы айларда көңүл Камала Харриске жана анын Демократиялык партияны бириктирип, шайлоочуларды тартуу жөндөмүнө бурулат. Анын бул маселедеги ийгилигине президенттик шайлоонун гана эмес, АКШ Конгрессине шайлоонун да жыйынтыгы көз каранды болот.

Комментарий жиберүү