Нетаньяхунун Конгрессте сүйлөшү митингдер менен коштолуп, АКШнын желеги өрттөлдү

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун АКШ Конгрессинде сүйлөшү Капитолийдин алдында согушка каршы болгон Палестинаны жактаган активисттердин нааразылык акциялары менен коштолуп, ал камоолор жана айрым катышуучуларга карата калемпир газын колдонуу менен аяктады.

Нетаньяхунун Конгрессте сүйлөгөнүнө каршы болгон митингчилер Вашингтондогу вокзалда АКШнын желектерин жулуп, өрттөшкөнүн РИА Новости агенттиги The Hill басылмасына шилтеме берүү менен  жазды.

«Премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун камалышын талап кылган митингчилер Американын желектерин түшүрүп, өрттөштү», – деп жазат гезит.

Андан соң активистте Юнион-Стейшн вокзалындагы флагштокторго Палестинанын желектерин илишкен.

The Hill ошондой эле Американын желектери күйүп жатканда, чогулган эл ураандарды кыйкырышканын  кабарлады. Андан тышкары, Нетаньяхунун сөлөкөтү өрттөлүп, демонстранттар “эркин Палестинаны” деген ураанды чакырып жаткан кадрлар пайда болду.

Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча демонстранттар Капитолий имаратына чейин жүрүш жасашып, “Нетаньяхуну камакка алгыла” жана “АКШнын Израилге жардамын токтоткула” деген жазууларды көтөрүп, “Палестинага боштондук!” деген ураанды чакырышты.

Анда мурда активисттер Нетаньяху баштаган Израиль делегациясы жайгашкан Вашингтондогу «Watergate» мейманканасына курт-кумурскалардын личинкаларын чачып кетишкен.

Көптөгөн демократ мыйзам чыгаруучулар Израилдин Газа тилкесиндеги операциясынан улам миңдеген жайкын тургундардын курмандыктарына жана гуманитардык кризиске тынчсыздануусун билдирип, Нетаньяхунун Конгрессте сүйлөгөн сөзүнө катышкан жок. 

Комментарий жиберүү