Путин Кремлде Сириянын президенти Башар Асад менен жолукту. Видео

Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде Сириянын лидери Башар Асад менен жолугушту.  Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында маалымдалды.

Сүйлөшүүлөр кечээ, 24-июлда кечинде болгон.

Асад акыркы жолу Москвага бир жыл мурун – 2023-жылдын март айында келип кеткен.

Видеоплеер

00:00

01:53

“Албетте, жалпы региондо кырдаал кандай өнүгүп жаткандыгы тууралуу сиздин пикириңиз мени абдан кызыктырат. Тилекке каршы, анын курчуп кетүү тенденциясы бар, аны көрүп жатабыз. Бул түздөн-түз Сирияга да тиешелүү”, – деди Путин.

Ал ошондой эле Россия менен Сириянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде келечектүү багыттар бар экенин, бирок бул жаатта көптөгөн суроолор бар экенин кошумчалады.

Асад өз кезегинде анын Россияга сапары өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн юбилейине туш келгенин айтты.

“Акыркы ондогон жылдар аралыгында биздин өлкөлөр абдан оор сыноолордон өттү. Анан албетте, бул ондогон жылдар биздин мамлекеттердин ичиндеги татаал трансформация процесстерине күбө болду.
Бирок, ушул он жылдыктардын ичинде биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер өзүнүн ишеним деңгээлин сактап келди, бул биздин элдерибиздин жетилгендигинин көрсөткүчү”, – деди Асад.

Сириянын президенти дүйнөдө жана Евразия чөлкөмүндө болуп жаткан окуяларды эске алганда эки лидердин жолугушуусу «бул окуялардын өнүгүшүнүн бардык деталдарын талкуулоо, мүмкүн болуучу перспективаларды жана сценарийлерди талкуулоо үчүн абдан маанилүү болуп көрүнөрүн кошумчалады.

Комментарий жиберүү