Байден америкалыктарды Харристи колдоого чакырды

Америка лидери Жо Байден өз мекендештерин президенттик шайлоодо АКШнын вице-президенти Камала Харристи колдоого чакырды.

“Бир нече айдан кийин америкалыктар Американын келечегинин жолун тандашы керек. Мен өзүмдүн тандоомду жасап, өз көз карашымды айттым. Мен биздин  вице-президент Камала Харриске ыраазычылык билдиргим келет”, – деп билдирди Байден шайлоо жарышынан чыгуу чечимине арналган элге атайын кайрылуусунда.

Байден ошондой эле Харрис президенттик шайлоодо Демократиялык партиядан татыктуу талапкер болот деп ишендирди.

Ал аны “тажрыйбалуу, күчтүү жана жөндөмдүү” саясатчы деп атаган.

Жо Байден жалпы америкалыктарга кайрылуусунда 5-ноябрда өтө турган шайлоого катышуудан баш тарткан себебин жаңы муундун бийликке келишине шарт түзүүгө убакыт келгени менен түшүндүрдү.

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Анда Демократиялык партиядан 19-22-августка белгиленген Чикагодогу (Иллинойс штаты) улуттук курултайда Байдендин талапкерлиги бекитилери күтүлүп жаткан. Бирок, Байден 21-июлда шайлоого барбай турганын жарыялап, ордуна вице-президент Камала Харристи сунуш кылган.

Комментарий жиберүү