Кремль Иран Россияга ракета жөнөтүп жатат деген маалыматка жооп берди

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Иран Россияга ракета жөнөтүп жатат деген маалыматка комментарий берип жатып, мындай маалыматтар ар дайым эле чындыкка дал келе берберин билдирди.

6-сентябрь эртең менен америкалык басылмалар, анын ичинде CNN өз булактарына таянып, Иран Россияга Украинадагы согуштук операцияларда колдонуу үчүн жакын аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды өткөрүп бергенин кабарлашкан.

«Биз бул билдирүүнү көрдүк, мындай маалымат ар дайым эле чындыкка туура келе бербейт. Иран – биздин маанилүү өнөктөшүбүз, биз соода-экономикалык мамилелерибизди, кызматташтыгыбызды жана диалогубузду бардык мүмкүн болгон тармактарда, анын ичинде эң сезимтал тармактарда өнүктүрүп жатабыз. Биз муну эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да уланта беребиз», – деди Песков.

Батыш маалымат каражаттарынын мындай билдирүүлөрүн буга чейин Ирандын БУУдагы миссиясы четке кагып, Украинадагы жаңжал боюнча Тегерандын позициясы өзгөрүүсүз бойдон каларын билдирген.

“Украинадагы жаңжал боюнча Ирандын позициясы өзгөрүүсүз бойдон калууда. Иран чыр-чатакка катышкан тараптарга аскерий жардам көрсөтүүнү адамгерчиликсиз деп эсептейт, бул курмандыктардын санынын көбөйүшүнө, инфраструктуранын бузулушуна жана ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүү алыстатууга алып келет. Иран мындай аракеттерден өзү эле карманып тим болбостон, башка өлкөлөрдү да жаңжалга катышкан тараптарды курал менен камсыздоону токтотууга чакырат”, – деп билдирген Ирандын туруктуу өкүлчүлүгү басылмаларга чыккан маалыматка комментарий берип жатып.

Москва менен Тегеран Иран Россияга Украинада колдонуу үчүн курал-жарактарды, анын ичинде учкучсуз учактарды жеткирүүдө деген дооматтарды буга чейин дагы бир нече жолу четке кагышкан.

Комментарий жиберүү