Жакынкы Чыгыш ири согуштун босогосунда турат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия – Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин министрлеринин жыйынында билдирди.
«Жакынкы Чыгыш кайрадан ири аймактык согуштун босогосунда турат жана аны болтурбоо биздин жалпы милдетибиз», – деди ал.
Лавров белгилегендей, дүйнөлүк коомчулуктун Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтото албаганы бүткүл Жакынкы Чыгышта: Ливан менен Израилдин чек арасынан Кызыл деңизге чейин аскердик-саясий кырдаалдын кескин начарлашына алып келди. Ошол эле учурда Израиль менен Ирандын тиреши жаңы коркунучтуу деңгээлге чыкты.
Анын айтымында, Палестина-Израиль көйгөйү чечилмейин Жакынкы Чыгыш туруктуу өнүгө албайт.
Тышкы иштер министри Россия түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык тараптар менен иштеп жатканын кошумчалады.
Күн мурун Эр-Риядга келген Лавров Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин баш катчысы Жасем ал-Будейви жана Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.