Кыргызстан да бар. 35 өлкө БУУнун резолюциясына добуш берүүдөн карманды

Орусиянын Украинага кол салышын айыптаган резолюция БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йорктогу чукул жыйынында көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Орусиянын согуштук аракеттерин токтотуу, Украинанын эл аралык дең

гээлде таанылган чек араларынан, анын ичинде 2014-жылы аннексияланган Крымдан аскерлерин чыгаруу талабын камтыган документке уюмдун 141 мүчөсү добуш берди.

Орусиядан согуштук аракеттерди токтотууну жана Украинанын эл аралык деңгээлде таанылган аймагынан, анын ичинде 2014-жылы аннексияланган Крым жарым аралынан аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылган документти уюмдун 141 мүчөсү колдоду. 

35 мамлекет, анын ичинде Казакстан менен Кыргызстан добуш берүүдөн карманышты. Ал эми Орусия, Беларус, Түндүк Корея, Сирия жана Эритерия резолюцияга каршы добуш беришти.

БУУдагы добуш берүүдөн кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский резолюцияны колдогон өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

Комментарий жиберүү