Орус аскерлери Украинанын тургундарына 30 тонна гумжардам жеткиришти

Орусиянын Куралдуу күчтөрү Харьков облусуна 30 тонна гуманитардык жардам жеткиришти.

 Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргенин маалымат каражаттары жазышты.

“Белгород облусунан Харьков облусундагы орус-украин чек арасына жакын жайгашкан Украинанын калктуу конуштарына орусиялык аскер кызматкерлери гуманитардык жүк жеткиришти. Жалпы көлөмү 30 тоннадан ашкан гуманитардык жардам Белгород облусунан жергиликтүү калктын өтүнүчү боюнча Волчанск шаарына жана шаар тибиндеги Казачья Лопанга жеткирилди», – деп билдирди министрлик.

Маалыматка караганда, гуманитардык жардамдын ичинде тамак-аш азыктары – эт жана балык консервалары, кондитердик, нан жана дан азыктары, таттуулар, бөтөлкөдөгү ичүүчү суулар бар.

«Бардык гуманитардык жүк чек арадагы конуштардын тургундарына – аялдарга, балдарга, кары-картаңдарга өткөрүлүп берилди», – деп кошумчалады коргоо министрлиги.

Эскерте кетсек, Орусия 24-февраль, бейшемби күнү эртең менен Украинада аскердик операциясын баштаган. Орусиянын президенти Владимир Путин мындай кадамга баруунун максатын “сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо”,- деп билдирген.

Комментарий жиберүү