Расмий түрдө: Apple Орусияда өз продукциясын сатууну токтотту

Apple Орусияда өз продукциясын сатууну токтотконун расмий жарыялады.

Бул тууралуу аталган компания билдирүү жасаганын орусиялык басылмалар жазышты.

Мындай чечим Орусияга каршы санкциялардын киргизилиши менен байланыштуу. Ошондой эле, Apple Орусия Федерациясында өз кызматтарынын иштешине да чектөө койгон.

Буга чейин орусиялыктар Apple компаниясынын расмий сайтынан жабдууларды сатып ала албай турганы айтылган. “Жеткирүү” тилкесиндеги бардык пункттар “учурда жеткиликсиз” деп көрсөтүлгөн. Маалым болгондой, азыр компаниянын Орусиядагы расмий сайтында iPhone, iPad, MacBook, Apple Watch, AirPods жана акылдуу үй продукцияларына буйрутма берүү мүмкүн эмес.

Комментарий жиберүү