Кытайда көпүрө кулап, 11 адам каза болду

Ишемби күнү эртең менен Кытайдын түндүк-батышындагы Шэньси провинциясында автожол көпүрөсүнүн бир бөлүгү урап, 11 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен «Казинформ» агенттиги билдирди.

—  Чжашуй уездиндеги Шанлуо шаарында  жайгашкан көпүрө жума күнү кечки саат 20:40тар чамасында капыстан жааган жамгырдын жана селдин кесепетинен урап калганын жергиликтүү бийлик билдирди.

Ишемби күнү эртең менен куткаруучулар дарыяга кулап кеткен беш унааны табышты. Учурда куткаруу иштери уланууда.

Комментарий жиберүү