Иран Израилдин Йеменге жасаган соккусун айыптады

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани Израилдин Йемендин Ходейда портуна жасаган аба соккусун айыптап, Израиль жана анын колдоочусу АКШ Газа тилкесиндеги кылмыштардын жана Йеменге кол салуулардын коркунучтуу жана күтүүсүз кесепеттери үчүн түздөн-түз жоопкерчиликтүү экенин айтты.

Бул тууралуу Иран ТИМинин расмий сайтында айтылат.

Ишемби күнү кечинде Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) анын аба күчтөрү Йемендин батышындагы Ходейда порт шаарына жакын жердеги “Ансар Аллахтын” (хуситтердин) объекттерине акыркы айларда Израилге жасалган жүздөгөн чабуулдарга жооп иретинде сокку урганын билдирген.

Премьер-министри Нетаньяху бул операция хуситтердин жума күнү Тель-Авивдин борборундагы АКШ консулдугуна жакын жердеги турак жайды сүзүп жарылган учкучсуз учактын чабуулуна түз жооп болгонун айтты.

Хуситтер 19-июлга караган түнү Тель-Авивге учкучсуз учак менен сокку урган. Дрон АКШ элчилигинин жанына кулап түшкөн. Кол салууда 50 жаштагы бир киши каза болуп, дагы бир нече киши жарадар болгон. Хуситтер Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотууну талап кылып, Израилге каршы чабуулдарын улантууга убада беришкен.

Канаани Израилдин Йемендеги Ходейда портуна жасаган аба чабуулдарын айыптап, Израилдин “авантюристтик” аракеттеринин натыйжасында чыңалуунун күчөшү жана согуштук аракеттердин Жакынкы Чыгыш аймагына жайылуу коркунучтарын эскертти.

Ал Газа тилкесинин коргонуусуз тургундарынын тынымсыз өлтүрүлүшүн жана ар тараптуу курчоого алынышын аймактагы азыркы чыңалуунун негизги тамыры деп эсептеп, сионисттик режимдин агрессиясы Палестинада, өзгөчө Газа тилкесинде улана берсе, аймакка тынчтык кайтып келбейт деп белгиледи.

Израиль армиясынын басма сөз катчысы генерал Даниэль Хагари Израилдин аба күчтөрү Ходейда портундагы хусуиттердин кош максаттуу объекттерине жана энергетикалык объекттерине кол салганын билдирди. Социалдык тармактарда тараган көптөгөн видеолордон кол салуудан кийин чыккан чоң өрт порттун аймагын жалмап жатканын көрүүгө болот.

“SABA” агенттиги “Ансар Аллахтын” (хуситтер) кыймылынын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен Израилдин Ходейдага жасаган аба соккуларынан кеминде 80 киши жарадар болгонун билдирди. Хуситтердин өкүлү Израилдин аба күчтөрүнүн портко жасаган чабуулдары жоопсуз калбай турганын да билдирген.

Өткөн жылдын ноябрында Израилдин Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерине нааразылык иретинде Йемендин хуситтери Кызыл деңиздеги Израилдге тиешелүү кемелерге кол сала башташкан. 12-январга караган түнү алардын аракеттерине жооп иретинде АКШ менен Улуу Британия хуситтердин буталарына кол салышкан. Ак үй соккулар коргонуу мүнөзүндө болгонун билдирген. Ошол эле учурда соккулар эл аралык кемелерди коргоо үчүн жасалганы айтылган.

Комментарий жиберүү