Кытай: Орусия менен КЭРдин соода алакалары кескин өстү

Орусия менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылдын алгачкы эки айында 38,5 пайызга өстү.

Бул тууралуу Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы маалымдаганын РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, эки айда товар жүгүртүү 26 миллиард 431 миллион долларды түзүп, бул убакыт аралыгында Кытайдан Орусияга товар экспорту 41,5 пайызга кескин өсүп, 12 миллиард 617 миллион долларды түзгөн. Өз кезегинде Орусиядан Кытайга сатуу да көбөйгөн. Орусиядан Кытайга товар жеткирүү 35,8 пайызга өсүп, 13 миллиард 813 миллион долларды түзгөн.

Буга чейин, The Wall Street Journal Кытай санкциялардын орус экономикасына тийгизген таасирин жумшартууга жана ага жардам берүүгө кудуреттүү экенин, бирок Бээжин буга шашылбай жатканын билдирген. Бирок, басылма ири кытай банктары Орусияга жардамга келери күмөн деген  болжолдоосун билдирген.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *