Орусия Украинада жымжырттык режимин жарыялайт

Франциянын президентинин өтүнүчү боюнча Орусия Украинада жымжырттык режимин жарыялайт жана гуманитардык коридорлорду ачат.

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдаганын ТАСС билдирди.

Маалыматта Франциянын президенти Эммануэль Макрондун кесиптеши Владимир Путинге кайрылуусу менен Орусия 7-мартта Москва убактысы боюнча саат 10:00дө Украинада жымжырттык режимин жарыялары айтылат.

Мындан тышкары, өлкөдө гуманитардык коридорлор ачылары, карапайым тургундар Киев, Мариуполь, Харьков жана Сумы шаарларынан тоскоолдуксуз чыгып кете алышары баса белгиленген.

Эскерте кетсек, Орусия 24-февраль, бейшемби күнү эртең менен Украинада аскердик операция баштаган. Өлкө президенти Владимир Путин мындай кадамга баруунун максатын “сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо” деп билдирген.

Комментарий жиберүү