Узун бир хадиси шарифтин бир бөлүмү мындай:
Эң бекем кулп – келиме-и шахадат.
Эң баалуу сөз – Аллахты зикир кылуу.
Эң жакшы илим – пайдаланылган илим.
Эң жакшы байлык – көңүл байлыгы.
Эң жакшы азык – такыбаа.
Эң жакшы иш – парз болгон амалдарды орундоо.
Эң кадырлуу өлүм – шейит болуп өлүү.
Эң жаман нерсе – бидат.
Эң жаман кечирим – өлүм учурундагы кечирим.
Эң жаман өкүнүү – кыяматтагы өкүнүү.
Эң жаман табыш – пайыздан келгени.
Эң чоң ката – жалган сүйлөө.
Жаман ырлар – шайтандын сөздөрү.
Жаштык – жиндиликтин бир түрү.
Башкаларынан ибрет алуу – саадат.
Аллаху таала кечиргенди кечирет.
Ачуусуна ээ болгондун сыйлыгын берет.
Кайгыга сабыр кылганга жоготкондорун берет.
Сабыр кылгандын сообун эсе-эсе берет.
Башка бирин мазактаганды уят кылат.
Ар иш натыйжасы менен бааланат.
Келүүсү анык болгон нерсе (өлүм) жакын. (Байхаки, Ибни Асакир)