Кээ бир хикматтар

Узун бир хадиси шарифтин бир бөлүмү мындай:

Эң бекем кулп – келиме-и шахадат.

Эң баалуу сөз – Аллахты зикир кылуу.

Эң жакшы илим – пайдаланылган илим.

Эң жакшы байлык – көңүл байлыгы.

Эң жакшы азык – такыбаа.

Эң жакшы иш – парз болгон амалдарды орундоо.

Эң кадырлуу өлүм – шейит болуп өлүү.

Эң жаман нерсе – бидат.

Эң жаман кечирим – өлүм учурундагы кечирим.

Эң жаман өкүнүү – кыяматтагы өкүнүү.

Эң жаман табыш – пайыздан келгени.

Эң чоң ката – жалган сүйлөө.

Жаман ырлар  – шайтандын сөздөрү.

Жаштык – жиндиликтин бир түрү.

Башкаларынан ибрет алуу – саадат.

Аллаху таала кечиргенди кечирет.

Ачуусуна ээ болгондун сыйлыгын берет.

Кайгыга сабыр кылганга жоготкондорун берет.

Сабыр кылгандын сообун эсе-эсе берет.

Башка бирин мазактаганды уят кылат.

Ар иш натыйжасы менен бааланат.

Келүүсү анык болгон нерсе (өлүм) жакын. (Байхаки, Ибни Асакир)

Комментарий жиберүү