Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов № 5278 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Ал шаардыктарды шайлоо жараянына активдүү катышып, өлкө келечегине кайдыгер карабоого чакырды.
«Бул ирет Кыргызстанда таза, ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө бардык аракеттер көрүлгөн. Шаар мэриясы тарабынан парламенттик шайлоону өткөрүүгө бардык участкаларда шарттар түзүлгөн», — деди Мамбетов.
Ош шаарындагы 78 шайлоо тилкесинде 154 миңдин тегерегинде шайлоочу катталган.