Мамбетов: Таза, ачык шайлоо өткөрүүгө бардык аракеттер көрүлдү

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов № 5278 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Ал шаардыктарды шайлоо жараянына активдүү катышып, өлкө келечегине кайдыгер карабоого чакырды.

«Бул ирет Кыргызстанда таза, ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө бардык аракеттер көрүлгөн. Шаар мэриясы тарабынан парламенттик шайлоону өткөрүүгө бардык участкаларда шарттар түзүлгөн», — деди Мамбетов.

Ош шаарындагы 78 шайлоо тилкесинде 154 миңдин тегерегинде шайлоочу катталган.

Комментарий жиберүү