Мирзиёев 67 жашта. Борбор Азия лидерлери өзбек президентин туулган күнү менен куттукташты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 24-июлда 67 жашка толду.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Мирзиёевди туулган күнү менен жылуу куттуктап жатышканын өзбек президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстан

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, көөнөрбөс энергия жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашты.

Бул контекстте тараптар Садыр Жапаровдун жакында Өзбекстанга жасаган ийгиликтүү мамлекеттик сапарын, анын жыйынтыгы достук жана өз ара аракеттенүү мамилелерин мындан ары чыңдоого жаңы дем берерин белгилешти.

Түркмөнстан

Түркмөн элинин улуттук лидери, Элдик Маслахатиянын төрагасы,  Гурбангулы Бердымухамедов Шавкат Мирзиёев менен болгон телефондого сүйлөшүүсүндө аны туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чың ден соолук жана бакубатчылык, ошондой эле бир тууган Өзбекстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ошондой эле өзбек-түркмөн көп кырдуу достук жана жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды. Өкмөттөр аралык комиссиянын жана Ишкер кеңештин жакында болгон жыйындарынын жемиштүү жыйынтыктары канааттануу менен белгиленди.

Товар жүгүртүүнү мындан ары жогорулатуунун, кызматташтыктын жаңы долбоорлорун илгерилетүүнүн жана маданий алмашууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Тажикстан

Ушундай эле каалоолор менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да өзбек президентин туулган күнү менен куттуктады. Тажик лидери Мирзиёев  менен телефондогу сүйлөшүүсүндө ага чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубатчылык, ал эми боордош Өзбекстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ошондой эле Өзбекстан менен Тажикстандын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.

Өзбекстан президентинин үстүбүздөгү жылдын 18-19-апрелинде Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын, биринчи кезекте соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчылары ошондой эле учурдагы эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашышты.

Казакстан

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзбек лидерин туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, анын эки боордош өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык өзбек-казак мамилелеринин заманбап деңгээлине жетишине кошкон зор жеке салымын баса белгиледи.

Практикалык өз ара аракеттенүүнүн динамикалуу өнүгүшү канааттануу менен белгиленип, алдыда боло турган эки тараптуу иш-чараларды жогорку деңгээлде даярдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Ошондой эле аймактагы мамлекет башчыларынын кезектеги Консультативдик жолугушуусун жана үстүбүздөгү жылдын август айында Астанада пландаштырылган “Борбор Азия + Япония” саммитин өткөрүү маселеси каралды.

Комментарий жиберүү