НАТО кантип кеңейген. Видео

 Ушул жылдын 4-апрелинде Финляндия расмий түрдө НАТОго кошулду. Муну менен Финляндия Түндүк атлантикалык келишим уюмунун 31-мүчөсү болду. Жакынкы келечекте ага Швеция да кирип калат.

Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму (НАТО) 1949-жылы 4-апрелде Вашингтондо өткөн конференцияда түзүлгөн. Анын биринчи мүчөлөрү АКШ, Канада, ошондой эле Европанын он өлкөсү: Бельгия, Улуу Британия, Дания, Италия, Исландия, Люксембург, Нидерланды, Норвегия, Португалия жана Франция болушкан.

1952-жылы НАТОго Греция менен Түркия, 1955-жылы Германия, 1982-жылы Испания кирген. 1999-жылы 12-мартта Венгрия, Польша жана Чехиянын альянска кабыл алынышы менен НАТО чыгышка карай кеңейе баштаган.

2004-жылдын 29-мартында блоктун катарына Болгария, Латвия, Литва, Румыния, Словакия, Словения жана Эстония кошулган. 2009-жылы апрелде НАТОго Албания менен Хорватия кошулган.2017-жылы альянска Черногория, 2020-жылы Түндүк Македонияга («НАТОнун сегизинчи кеңейиши») кошулган. Учурда альянска 31 мамлекет кирет.НАТОнун штаб-квартирасы Брюсселде жайгашкан. Расмий тилдери англис жана француз тилдери.

https://ria.ru/services/video/embed/1862889278-1862860184.html

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *