Орусиядан депортацияланган чет элдиктердин саны 50% га өстү

Үстүбүздөгү жылдын жети айында Орусиядан депортацияланган чет элдик жарандардын саны былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50%дан ашык көбөйгөн. Бул тууралуу “Интерфакс” кабарлады.

«Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Орусия Федерациясынын аймагынан чет өлкөлүк жарандарды чыгаруу боюнча 92,8 миң чечим кабыл алынган (административдик чыгаруу жана депортациялоо), бул өткөн жылдын ушул  мезгилине салыштырмалуу 53,2%га көп», – деп айтылат Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарынын миграция маселелери боюнча бөлүмдөрүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча аналитикалык маалыматта.

Ошондой эле, жыл башынан бери атайын мекемелерде кармалып, административдик чыгарууга, депортациялоого же реадмиссияга дуушар болгон чет өлкөлүк жарандардын саны 28,2%га өскөн. 1053 адамга карата Орусиянын жарандыгын токтотуу чечими кабыл алынган.

Ошол эле учурда Ички иштер министрлиги чет элдиктер тарабынан жасалган кылмыштардын саны 4,9%га азайганын белгилеген. Бул аралыкта сот жообуна тартылган мигранттардын саны 3,1%га кыскарды, деп белгиленет отчетто.

Комментарий жиберүү