Орус аскердик учактары бул жумада АКШ учкучсуз учуучу аппараттарына үч жолу кысым жасады

Грынкевич : “Орус учагы  MQ – 9дардын кооптуу абалдардан алыс болуу  үчүн каршылык көрсөтүүсүнө  себеп болгон жана профессионалдуулукка жатпаган кысым жасады”,- деди.

Сирияда орус аскердик учактарынын АКШга таандык учкучсуз учуучу  аппараттарына бул жумада үчүнчү жолу  кысым  жасагандыгы билдирилди. 

АКШнын  Жакынкы Чыгыштагы  9 –  аба күчтөрү командири армиянын генералы Алекс Грынкевич жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө   бул жумада Сирияда орус аскердик учактарынын  АКШнын MQ – 9 учкучсуз учуучу аппараттарына  үчүнчү жолу кысым көрсөткөнүн жарыялады.

Грынкевич : “Орус учагы  MQ – 9дардын кооптуу абалдардан алыс болуу  үчүн каршылык көрсөтүүсүнө  себеп болгон жана профессионалдуулукка жатпаган кысым жасады”,- деди. 

АКШнын аба күчтөрүнүн командирилиги  5 –  июлда Сирияда орус аскердик учактарынын АКШга таандык учкучсуз  учуучу аппараттарга карата “коркунучтуу” жана “профессионалдуу болбогон” кыймыл кылгандыгына байланыштуу көрүнүштөрдү жарыялаган. 

Комментарий жиберүү