Ооганстан менен Пакистандын чек арасында болгон куралдуу кагылышта 6 киши каза таап, 17си жаракат алды.
Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, Пакистандын Белужистан аймагы менен Ооганстандын Кандагар аймагын байланыштырган Чаман Спин Болдак пунктунда болгон.
Пакистан армиясы ооган чек арачылары аталган өткөрмө бекетинде жай тургундарды «негизсиз жана башаламан» аткылаганын билдирген.
Ошондой эле, маалыматта өлкө бийлиги “Талибан” өкүлдөрү менен байланышып, алдыда мындай окуяларга жол бербөө үчүн “катуу чара көрүүнү” сураганы айтылат.
Ал эми, Ооганстандын Кандагар полиция департаментинин басма сөз катчысы Хажи Жума Гүл Нурзи окуя боюнча берген комментарийинде, Пакистан армиясы талиптердин чек арадагы оогандардын кыштагында полиция бекетин куруусун токтотууга аракет кылып жатканын билдирди.
Анын айтымында, ошол себептен тараптардын ортосунда чыр чыккан. Талиптерден 1 адам каза болуп, 6 киши жаракат алган.