Лавров: Россия, Казакстан жана Өзбекстандын газ биримдигинде геосаясий оюн жок

Россия, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда газ биримдигин түзүү идеясында геосаясий оюн жок.

Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Казакстандын «Хабар 24» телеканалына берген маегинде айтты.

«Учурда Россия, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда «үч тараптуу» газ долбоорун түзүү демилгеси талкууланууда. Талдоочулар, айрыкча батыштыктар дароо муну кандайдыр бир саясий же геосаясий «оюн» деп айта башташты. Бул жерде эч кандай оюн жок», – деди Лавров.

Анын айтымында, өлкөлөр газды ташуу боюнча бирдиктүү системага ээ жана бардык тараптар сезондук чокулардан улам газ берүүнү үзгүлтүккө учуратпоого кызыкдар.

«Жакында эле Өзбекстанда күтүүсүздөн электр жарыгында таңкыстык болгону тууралуу билдирүүнү окудум. Бул эч кандай саясатсыз жана идеологиясыз, биздин артыкчылыктарыбызды жарандарыбыздын кызыкчылыгы үчүн практикалык маселелерди чечүүдө колдонуу зарыл экенине конкреттүү мисал боло алат», – деп кошумчалады Россиянын тышкы иштер министри.

Эске салсак, 28-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев РФ лидери Владимир Путиндин «газ тармагындагы маселелерди чечүү» максатында «Москва, Астана жана Ташкент» биримдигин түзүү боюнча сунушун жарыялаган.

Кийинчерээк орус жана өзбек лидерлери Владимир Путин менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашканы маалымдалган.

РФ вице-премьер-министр Александр Новак өз кезегинде Өзбекстан Россия жана Казакстан менен газ союзунун долбооруна кызыкдар экенин, анткени бул өлкөгө Москвадан кошумча газ керек экенин билдирди.

Белгилей кетсек, 8-декбарда Өзбекстандын вице-премьер-министри жана энергетика министри Жорабек Мирзамахмудовго шилтеме берип, Ташкент Москва менен газ жеткирүү боюнча коммерциялык келишим түзүүгө даяр экенин, бирок үч тараптуу газ союузуна кирүүдөн баш тартканын Reuters агенттиги жазган.

Кийинчерээк Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия сунуш кылган газ биримдиги газ жеткирүү боюнча саясий талаптарды алмашууну камтыбай турганын тактап, Reuters агенттигинин Ташкенттин демилгеден баш тартканы тууралуу маалыматы туура эмес экенин билдирген.

Комментарий жиберүү