Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды.
Саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду. Бул тууралуу Президент аппаратынын маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлине токтолуп, Иран менен соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде инвестициялык чөйрөнү чыңдоого кызыкдар экендигин билдирди.
“Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууну каалаган ирандык чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн биздин эшик ар дайым ачык. Учурда биз чет элдик инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп аракеттерди жасап жатабыз. Инвесторлорго болгон мамиле мындан ары өзгөчө болоорун баса белгилеп кетким келет», – деди ал.
Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташуунун жигердүү багыты катары маданий-гуманитардык кызматташуу темасына токтолуп, Иран жетекчилигине Ош шаарында спорт комплексинин курулушун каржылоосу жана пандемия башталган маалда берилген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
“Ирандын кыргыз элине мындай бир туугандык мамилесин чыныгы достуктун белгиси катары кабыл алдык”, – деди Мамлекет башчысы.
Өз кезегинде тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Иранды бир катар багыттар боюнча эл аралык аренада колдоосу үчүн Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирип, Иран жетекчилиги Кыргызстан менен туруктуу кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.
Мохаммад Жавад Зариф Иран Президенти Хасан Руханинин куттуктоосун жеткирип, эки тараптын ар кыл тармактарда кызматташуусу үчүн чоң потенциалга ээ экендигин, анткени өлкөлөрдү жалпы тарыхый жана маданий байланыштар бириктирип турарын кошумчалады.
Ошондой эле ал жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жана жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшүн каалап, Кыргызстанда коопсуздуктун жана туруктуулуктун сакталышы Иран үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи.
Министр Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун өткөрүүнүн актуалдуулугуна токтолду.
Жол жана транзиттик потенциал чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү эң жогорку артыкчылык деп атаган Мохаммад Жавад Зариф кыргыз тараптын экономиканын ар кыл тармактарына – айыл чарба, фармацевтика, гидроэнергетика жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүүгө каражат салууга даяр ирандык инвесторлорду тартуу ниетин кубаттады.
Мохаммад Жавад Зариф Иран жетекчилигинин атынан Садыр Жапаровду өлкөгө сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын эки тараптуу кызматташууну, айрыкча экономикалык жана инвестициялык байланыштарды активдештирүүгө даяр экендигин дагы бир жолу ырастады. Ошондой эле Ирандын Президенти Хасан Руханиге салам жолдоду.