Кадыр ажы Маликов: Аалымдар мусулман жаштар менен архаикалык эмес, заманбап түшүнүктө сүйлөшүүлөрү керек

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын (муфтият) Уламалар Кеңешинин мүчөсү, экс-муфтийдин орун басары, аалым, Кадыр ажы Маликов Кыргызстандагы мусулмандардын диний-руханий абалы тууралуу “Eurasia Today” агенттигине маек берди.

 – Кадыр ажы, жакында Уламалар Кеңешинин кезектеги курултайы өткөрүлөт, анда жаңы муфтий жана Уламалар Кеңешинин жаңы мүчөлөрү шайланышмакчы. Сиздин оюңуз боюнча, Кыргыз Республикасынын жаңы муфтийи кандай критерийлер менен шайланууга тийиш?


– Ассалому алейкум ва рахматуллохи ва баракатуху. Менин оюмча, жаңы муфтий светтик жогорку билимге жана диний жогорку билимге ээ, мурда соттолбогон жана башка КМДБнын уставында көрсөтүлгөн критерийлерден тышкары бир канча шарттарга ээ болгону абзел. Албетте, бир аз татаал болгон шарттардын бири, талапкер, КМДБ системасында 5 жылдан кем эмес иштеген болушу керек деп ойлойм, бул шарт кызматка иш билбей келгендерге тоскоолдук жаратат. Ошол эле учурда, мусулмандардын диний жетекчилигинде ар кандай ашынган секталардын, агымдардын жайылып кетпеши үчүн тосмо болмокчу, бул биринчиден. Экинчи жагынан, бүгүнкү күндүн талабы, жыл өткөн сайын өсүп баратат деп айткым келет. Ушуга  ылайык, келечектеги муфтий лидер жана менеджердин сапаттарына да ээ болушу керек. Тагыраак айтканда, административдик кызматты башкаруу жөндөмүнө ээ болуусу зарыл. Биринчи кезекте жалпы мусулман коомчулугун, жалпы мечиттерди каржылоону башкаруу, лидер катары уюштуруу жөндөмү талап кылынат. Экинчиден, муфтий, Кыргызстандын бардык мусулмандары үчүн руханий лидер болушу кере. Демек, ал стратегиялык ой жүгүртө билген, дипломат, бардык партиялар жана жамааттар менен жалпы тил табыша билген жана табигый түрдө интеллектуалдык деңгээлге ээ болушу керек. Демек, “бак-дарактарды көрүү эле эмес, бак-дарактардын артындагы токойду да көрө билүүсү” зарыл. Башкача айтканда, күтүлбөгөн жагдайда болуп кетиши мүмкүн окуяларды алдын-ала көрө билүү, туура иш алпаруу үчүн абдан маанилүү. Буга кошумча, муфтий интеллектуалдуу болушу керек, таанымал лидер болгону жакшы. Албетте, ушуга окшош муфтийге тиешелүү болгон сапаттар жөнүндө айта берсек толтура. Бирок бул өтө кыйын нерсе, анткени тандоо өтө чоң эмес. Тилекке каршы, тандоо чектелүү, өтө эле чектелүү десем жаңылышпайм.

– Жаңы муфтийдин чет өлкөдө диний билим алышы зарылбы?


 – Азырынча КМДБ мындай шарт койбогону белгилүү, бирок муфтият үй билиминен тышкары, чет өлкөдө билим алса жакшы болмок деп ойлойм. Сиз билгендей, биздин Кыргызстандагы исламдык жогорку билим деңгээлибиз анчалык эмес. Чет өлкөлөрдө билим алуу, бул абстракттуу ой жүгүртүүгө жана натыйжада башка мазхабдарды түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, чет өлкөдө окуп жүргөндө, ал тургай чет өлкөдөн келгенде да айрымачылыктарды салыштырууга мүмкүнчүлүк алат. Диний менеджмент системаларын, чет өлкөдөгү билим берүү тутумун жана аны ушул жерде салыштыруу тажрыйбасына ээ болот. Ошондуктан, чет өлкөлөрдө, жогорку исламдык билим алуу жакшыраак, анткени Кыргызстанда диний билим берүү анча өнүккөн эмес жана биз каалаган деңгээлге жете элек.

– Уламалар кеңешине жана муфтиятта бөлүм ачуу боюнча мусулман аялдарынын сунуш-талабына кандай карайсыз? Бул коом үчүн канчалык маанилүү?


– Курултайга мусулман аялдардын катышуусу жөнүндө айта турган болсок, мен муфтиятта аял жетектеген бөлүмдү, аялдар менен иштөө бөлүмүн ачууну жактайм. Ошондой эле шарыят, аялдардын курултайга, шайлоого катышуусуна, ошондой эле Уламалар Кеңешине мүчөлүгүнө көрсөтүлүүсүнө тыюу салбайт. Бизде аалым аялдар да бар, Ислам аялдардын укуктарын чектебей, кеңири укуктарды берген. Аял аалым боло алат, аял Мусулмандардын Дин Башкармасында иштей алат, аял муфтий шайлай алат…
Бирок бүгүнкү коомубуздагы аялдардын Уламалар кеңешинде делегат болуу маселеси өзүнчө бир маселе. Тагыраак айтканда, биздин Уламалар Кеңеши өзү канчалык деңгээлде буга даяр? Биздин мусулмандардын канчалык деңгээлде даярдыктары бар?  Албетте, бул маселе маданий мүнөзгө ээ, башкача айтканда биздин менталитетке байланыштуу суроо туулушу мүмкүн, балким бүгүн бизде бул маселеге карата кандайдыр бир стереотиптер бар.

– Соңку мезгилдерде исламга кызыккан, намаз окуган жаштар көбөйүүдө жана албетте, бул жерде Сиздин исламды тактоодо ордуңуз маанилүү. Кыргызстандагы мусулман жаштарынын келечегине кандай карайсыз, алар өлкөдөн чыкпай туруп диний туура багыттарды табыша алабы жана бул маселеде аалымдардын ролу кандай?


– Мусулман жаштарынын келечеги жөнүндө айта турган болсок, бүгүнкү багыттамасыз жаштарыбыз аз эмес. Себеби муфтиятка байланыштуу акыркы окуялардын негизинде салттуу дин кызматкерлерине, салттуу исламга катуу сокку урулду. Ошондой эле салттуу дин кызматкерлердин аброюна доо кетип, жаштардын ишенимине таасир эткен. Бул абдан маанилүү суроо, себеби бүгүнкү күндө жаштар келечекте кимди ээрчийбиз?- деп тынчсызданышууда. Ошондуктан, бул жерде Уламалар Кеңеши, биз өзүбүз аалымдар, бүгүн жаштар арасында көбүрөөк иштешибиз керек – деген маселени көтөрүүбүз зарыл. Бүгүнкү күндө жаштар үмөтү үчүн күрөш жүрүп жатат. Биз, башка деструктивдүү агымдарга каршы атаандаштыкка туруштук берүү үчүн аалымдарыбыздын жаштар менен иштөө идеологиясын, көз-караштарын өзгөртүүбүз керек. Башкача айтканда, жаштар менен жаңы тилде, архаикалык эмес, эң заманбап тилде, заманбап түшүнүктөр менен сүйлөшүү шарт. Айрым учурларда диалог илимий жана өнүктүрүү маанайда болгону дурус.

– Кээ бир жаштар чет өлкөдө исламды үйрөнүп, өз мекенине келгенде маданият, ал тургай мазхабдар боюнча чоң айырмачылыктарга туш болушат. Азыркы Уламалар Кеңеши ушундай маселелерди чече алабы?


 – Мусулман жаштарына токтолсок, бүгүнкү күндө алар ар кайсы өлкөлөрдүн ар кандай медресе – университеттеринде окуп жатышат. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Экинчи жагынан, бул белгилүү бир коркунучка алып келет, анткени алардын ар бири Кыргызстанга кайтып келгенден кийин, окуган жеринен билим гана эмес, тилекке каршы кээде Кыргызстан үчүн адаттан тыш, өөн маданиятты же бир диний салтты алып келет. Андан кийин жалпы коомдогу чыр-чатактарга негиз түзүлөт, анткени исламды башкача чечмелөө маселеси бар.
Мен интеллектуалдык деңгээлде “Ханафи” мазхабынын, “Матуридия” акыйдасынын исламдык ой жүгүртүүсүнүн өнүгүшү үчүн, Кыргызстандын өзүнүн окуу борборлору болушун каалайт элем. Жакында эле Ислам академиясын түзүү боюнча келишимге кол коюлду окшойт, бул абдан маанилүү деп ойлойм. Ошондой эле билим берүүнүн мазмунун жана академияда кимдер лекция окуй тургандыгын калыптандыруу маанилүү. Окутуучулар дүйнөгө таанымал илимпоздор болушса жакшы болмок …

-Жакында Ыйык Рамазан айы келет. “УММА” журналынын демилгеси менен сиз Рамазан Чатырынын программасын уюштуруп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акча жана азык-түлүк таратып жатканыңызды баарыбыз билебиз жана укканбыз. Быйылкы жылга кандай пландарыңыз бар жана ыктыярчылар менен демөөрчүлөр мындай программаларды кандайча кубатташууда?


– Ооба, Ыйык Рамазан айына карата биз адаттагыдай эле айрым программаларды даярдап жатабыз. Жубайым Элиана-Марьям Саттарова онлайн режиминде боло турган “Рамазан Чатырына” атайын программа даярдоодо. Программа аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамды бөлүштүрүү алкагында жүзөгө ашырылат. Быйыл, пандемиялык кризиске байланыштуу, биз даректүү жардам көрсөтүшүбүз мүмкүн. Былтыркыдай эле ыктыярчылардын катышуусу үчүн акцияларды жасайбыз.

Маектешкен Каныкей Жаманкулова.

Комментарий жиберүү