Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Москва шаарына барды. Видео

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  7-майда, расмий сапар менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти.

Мамлекет башчысынын учагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эске салсак, расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Россиянын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугушат, бир катар иш-чараларга катышат.

Мамлекет башчынын Москвага иш сапарынын курамында төмөндөгү жетекчилер коштоп кетти:
 Адылбек Касымалиев – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;
– Жээнбек Кулубаев – тышкы иштер министри;
– Муратбек Азымбакиев – Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
– Марат Иманкулов – Коопсуздук кеңешинин катчысы;
– Гульнара-Клара Самат – Кыргызстандын Россиядагы Элчиси;
– Улан Ниязбеков – ички иштер министри;
– Аскарбек Жаныбеков – айыл чарба министри;
– Тилек Текебаев – транспорт жана коммуникациялар министри;
– Данияр Амангелдиев – экономика жана коммерция министри;
– Кудайберген Базарбаев – эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
– Таалайбек Ибраев – энергетика министри;
– Нурдан Орунтаев – Бишкек шаарынын вице-мэри.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *