Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын Кытайга чакырды

 Жакында Кытайга Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары барат. 

Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин билдиргенин “Зеркало” агенттиги жазды.

Анын айтымында, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Миризиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду 16-майдан 20-майга чейин Кытайга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Хуа Чуньин белгилегендей, чакырылган президенттер Кытай-Борбор Азия саммитине катышат. Ага Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов да чакырылган.

Саммит Шэньси провинциясынын борбору Сиань шаарында Си Цзиньпиндин төрагалыгы алдында өтөт.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров  май айында Кытайга мамлекеттик сапар менен бара турганын Тышкы иштер министрлиги апрель айынын аягында билдирген.

ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Сиань шаарында Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган менен жолуккан. Анын жүрүшүндө Жапаровдун Пекинге жасалчу алгачкы мамлекеттик сапарын уюштуруу, ошондой эле “Борбор Азия — Кытай” биринчи саммитине катышуусуна даярдык боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулган.

Комментарий жиберүү