Россиянын Президенти В. Путин Президент С. Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 12-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо аземи болду. Бул тууралуу КРнын Президентинин маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого жана Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жогорку сыйлыкка татыды.

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстандын Президентинин эки өлкө ортосундагы мамилелерди жандандыруудагы аракеттерине жогору баа берип, Садыр Жапаров мындан ары да Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу өз ара байланыштарды тереңдетүүгө көңүл бурарына бекем ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге көрсөтүлгөн урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылыгын айтты.

Мамлекет башчысы бул эки өлкө ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктаарын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров мындан ары да эки тараптуу кызматташтыктын потенциалын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев С. Жапаровдун Россия Федерациясынын Ардак ордени менен сыйланышы боюнча төмөндөгүдөй комментарий берди:

Президент Жапаровдун Россия Федерациясынын Ардак ордени менен сыйланышы боюнча комментарий
Россия тараптын Президент Жапаровду сыйлоо чечими Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты чыңдоого, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн кабыл алынды.

Атап айтканда, акыркы эки жарым жылда Кыргызстанда бажылык башкарууну жакшыртуу, бажы органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык элементтерди жоюу боюнча бир катар маанилүү чаралар көрүлгөнүн белгилей кетүү керек.

Эгерде 2020-жылы Кыргызстанда бажы төлөмдөрү 28 миллиард сомдон бир аз ашыгыраак болсо, 2022-жылдын жыйынтыгы менен 74,3 миллиард сомду түзгөн. Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгында 103 миллиард сом көлөмүндө бажы төлөмдөрү түшту.

Айырмасын байкасак, 2020-жылга чейин 70 млрд сомдой акча каражаты мамлекеттик казынага эмес, коррупциялашкан чиновниктердин чөнтөгүнө түшүп келгенинен кабар берип турат.

Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө болгондон бери биринчи жолу, кыргыз тарап 2022-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден алган суммага караганда, Биримдикке мүчө башка мамлекеттердин бөлүштүрүлгөн үлүштөрүнө ылайык, бажы алымдарын көбүрөөк сумма которгонун белгилей кетүүгө болот.

Алсак, 2022-жылы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерге 20 миллиард 116,9 миллион сом өлчөмүндө бажы алымдарын которгон, ошол эле маалда ЕАЭСтен 16 миллиард 248,2 миллион сом кайра алганбыз.

Башкача айтканда, Кыргыз Республикасы бөлүштүрүү ченемдерине ылайык, ЕАЭБке 4,2 миллиард сом калтырган. Пайда келтирген.

2023-жылдын жыйынтыгында бажыдан түшкөн кирешелердин өсүшүн эске алуу менен бөлүштүрүү ченемдерине ылайык, ЕАЭБке 17-18 миллиард сомдой бажы алымдарын калтырабыз деп турабыз. Бул деген соз биз кыргызстандын эле бажы чонтогун толтурбастан ЕАЭБке да пайда келтире баштаганыбызды билдирет.
Маалымат үчүн:
— 2016-жылы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 11 млрд 967,9 млн сом которгон, 13 млрд 094,6 млн сом кайра алган;
— 2017-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 12 млрд 329,1 млн сом которгон, 15 млрд 358,5 млн сом кайра алган;
— 2018-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 15 млрд 324,9 млн сом которгон, 16 млрд 169,8 млн сом кайра алган;
— 2019-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 11 млрд 249,9 млн сом которгон, 17 млрд 106,9 млн сом кайра алган;
— 2020-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 6 млрд 042,5 млн сом которгон, 16 млрд 840,2 млн сом кайра алган;
— 2021-жылы ЕАЭБге мүчө- мамлекеттерге 13 млрд 024,4 млн сом которгон, 22 млрд 077,0 млн сом кайра алган;
— 2022-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 20 млрд 116,9 млн сом которгон, 16 млрд 248,2 млн сом кайра алган; (4,2 миллиард сом ЕАЭСте калган)
— 2023-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 25,8 млрд сом которулду, 16 млрд 375,1 млн сом түштү.
(Жылдын аягына чейин 17-18 миллиардка чейин жетет)

Комментарий жиберүү