Иран Россияга дан экспорттоо үчүн өзүнүн транспорт коридорлорун сунуштады

Тегеран Москвага орус данын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо үчүн өзүнүн транспорт коридорлорун сунуштады.

Бул тууралуу Ирандын экономика жана каржы министринин экономикалык саясат боюнча орун басары Сейед Али Роухани РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

«Иран өзүнүн керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн Россиядан дан импорттоп гана тим болбостон, россиялык данды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо үчүн өз аймагын коридор катары да бере алат. Россиялык тарап Иранга ишенимдүү жана узак мөөнөттүү өнөктөш катары ишене алат», — деп билдирди аткаминер.

Ошол эле учурда ал Москва бул мүмкүнчүлүктөн азырынча пайдалана электигин белгиледи.

Роухани Украина жаңжалынын жана андан кийинки антироссиялык санкциялардын шартында Иран маршруту мурдагы жеткирүү ыкмаларына коопсуз альтернатива болуп калганын билдирди.

“Тилекке каршы, биз бул багытта бир аз жайыраак иштеп жатабыз. Бул жол, албетте, узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн жана стратегиянын жолу”, — деп жыйынтыктады министрдин орун басары.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрында Иран россиялык даныды сатып алуу боюнча үчүнчү орунга чыкканын буга чейин Россиянын дан союзунун аналитика департаментинин директору Елена Тюрина РИА Новостиге билдирген.

Тегеран 490 миң тонна сатып алган. Египет лидер болуп, ал жакка 780 миң тоннадан ашык жөнөтүлгөн. Түркия 616 миң тонна менен экинчи орунда.

Комментарий жиберүү