Айрым маалымат булактары билдиргендей, акыркы убактарда Сауд Аравия Иранга болгон саясатын өзгөртүүдө.
Тагыраак айтканда, 5 жылдай үзүлгөн дипломатиялык мамилелерин жандандырууну кааларын Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Бен Салман билдирди.
Ошол эле убакта өлкөдө Түркияга карата бойкот жарыялануу менен түрктөрдүн бир канча мектептери жабылууда.
Эр-Рияд менен Анкаранын ортосундагы чыңалуудан улам, Сауд Аравиянын стратегиялуу шаарларындагы 8 түрк мектеби жылдын аягына чейин толук жабылаары аныкталды.
Эки өлкөнүн акыркы эки жылдагы дипломатиялык мамилелеринин бузулуусу эмне себептен болууда? Албетте, тарыхта түрктөр менен арабдар дос болгон деп айтсак, жаңылышабыз. Осмон империясында арабдар түрктөрдү душмандарга “сатып” кеткенден кийин бул “аркадан бычак саюунун” тагы азыркы учурга чейин калган. Ал эми өткөнкү жылдардагы белгилүү араб колумнист Жамал Хашыкжынын Түркиядагы Консулдугунда өлтүрүлүп, табытынын сырдуу жоголушу да эки өлкөнү бири-бирине болгон чыңалуусун күчөткөн.
Ал эми Сауд Аравиянын Иранга болгон кастыгы эмне себептен башталды? Бул ортодо эки жааттуу мазхабды (шия менен сунни) эске алганда, Сауд Аравия өлкөдөгү шия мазхабындагы активисттерге катуу кысым көрсөтүп келгени белгилүү. Мисалга, белгилүү активист Нимр ан-Нимрди өлүм жазасына тартуу Ирандын намысына тийип, өтө капа кылды. Ирандыктар бул окуядан соң, Сауд Аравиянын Мешхеддеги Консулдугун өрттөп жиберишкен. Сауд Аравия бул окуядан кийин Иран менен дипломатиялык байланышын толук үзөөрүн билдирген. Сауд Аравияны ээрчип, араб сунни дүйнөлөрүнүн бир канча лидерлери дагы өз өлкөлөрү Иран менен мамилелерин үзөөрүн жарыялашкан.
Алар; Бахрейн, Судан жана Жибути, ал эми бул ортодо Катар жана Ирак гана Иран менен мамилесин сактап калган. Ирак маселесинде, ал кантсе да “пайдалуу коңшудан” баш тарта албастыгы белгилүү. Эми болсо, учурдан пайдаланып, Сауд Аравия менен Иранды жараштырууга ортомчу болууда. Үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Багдадда Ирактын премьер-министри Мустафа Каземинин ортомчулугу менен өткөн Сауд Аравия-Иран сүйлөшүүлөрү, эки мамлекеттин ортосунда 2016-жылдан берки “биринчи олуттуу саясий талкуулар” болду.
Булактардын айтымында, сүйлөшүүлөрдө йемендик хуситтердин (Ансарулла) Сауд Аравиясынын аймагына жасаган чабуулу темасы камтылып, “канааттандыраарлык” болгон.
Сүйлөшүүлөрдө Сауд Аравиясынын делегациясын Башкы чалгындоо кызматынын башчысы Халид бин Али ал-Хумайдан жетектеген жана кийинки айлампасы келерки жумада өтөөрү белгиленген.
Албетте, Сауд Аравия Йеменге жасаган 6 жылдык согушу тыянаксыз болгону маалым. Канчалык каражат, күч коротуп, эл аралык коалицияларды да ортого салбасын, Сауд Аравия, арабдардын эң жакыр өлкөсүн багындыра албай айласыз калды. Ал тургай хуситтердин каттуу жооптору, Арабстандагы эң ири мунай майданына бир нече ракеталык чабуул жасоосу мындай “келишимдүү кадамга” барганга аргасыз кылды.
Арабстан канчалык мунайга бай болбосун, региондо башкы оюнчулардан көз каранды экени ачыктан айкын. АКШнын жаңы администрациясынын Иранга болгон саясатынын ыктымалдуу өзгөрүүсү буга дагы бир далил. Жо Байдендин өзөктүк келишимди калыбына келтирүү жана аймактагы чыңалууну азайтуу аракеттеринин фонунда өткөнү белгилүү. Мындай саясий өзгөрүүлөр Иран менен Сауд Арабиянын сүйлөшүү столуна отурушуна таасир эткен дагы бир фактор.
Ошондой эле Байден администарциясы акыркы кездерде бузула түшкөн Араб падышачылыгы менен мамилелерин “кайра карап чыгышыбыз мүмкүн” деген билдирүүсү Бен Салмандын Иранга карата көз карашын кескин өзгөрткөндөй.
“Иран биздин коңшубуз. Бул өлкө менен жакшы мамилелерди түзөбүз деп ишенебиз. Биз Ирандын оор абалда калышын каалабайбыз, тескерисинче, Ирандын гүлдөп өнүгүүсүн каалайбыз. Сауд Аравиясы Иран менен ортоктош кызыкчылыктарыбыз бар”,- деп билдирген Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы “аль-Арабия” телеканалына берген маегинде.
Ал эми Иран тарап, Сауд Аравия менен дипломатиялык келишимдерди жандандыруу маселеси боюнча комментарийлерди бере элек. Атүгүл, араб жетекчилери аркылуу кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болгонун четке каккан. Албетте, Иран үчүн алгач АКШнын санкцияларды толук алып салуу боюнча чечимдери маанилүү болууда. Ушуга ылайык, Вашингтон акыркы билдирүүлөрүндө бир мезгилде киргизилген катаал санкциялардын дээрлик көбү алынып салынаарын жарыялап, Иранды мындан ары да уран байытуу процессинен алдын алууну чечкиндүү көздөдү. Ошентип, Байден Иран менен келишүүгө кадам таштаганы менен “армяндардын геноцидин таанып”, Түркияга катуу сокку ургандай болду. Улуу державалардын учурдагы саясий маанайы да ушул себептен Сауд Аравиянын күтүлбөгөн кадамдарына түрткү берди.
Даярдаган: Каныкей Жаманкулова.