Тажикстанда Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандар күч алды (видео)

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылган эстафета башталды.

«Ислох» сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин баштап берген бул эстафетаны ондогон жөнөкөй тажикстандыктар колдоого алып, бийликке карата өздөрүнүн ачык кебин, ачуу сөзүн айта баштады.

Бул тууралуу “Полит Клиника” сайты жарыялады.

Тажикстандын баардык облус, шаарларынан активисттер чыгып, «Эмомали Рахмонго импичмент жарыялайбыз»,- деген видео тартып, бири-бирине эстафета кылышууда. Эстафеталык видео кайрылууларды «Ислох» сайты жазган.

Видео кайрылууларда «Эмомали Рахмон 28 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган-уругу, бала-чакасы менен тажик улутун, Тажик мамлекетин жок кыла турган болду. Мамлекетти карызга батырды. Коңшуларыбыз менен достугубузду жок кылды. Буларга импичмент жарыялансын»,- деген чакырыктар айтылган.

Комментарий жиберүү