Израилде диний майрамда тепсендиде калып каза тапкандардын саны 44кө жетти

Израилде Лаг ба-Омер диний майрамында тепсендиде калып каза тапкандардын саны 44кө, жаракат алгандардын саны 100дөн ашты.

Бул тууралуу Jerusalem Post басылмасы жазды.

Буга чейин 38 адам каза болгондугу тууралуу айтылган.

Раввин Шимон Бар Йохаянын Мерон тоосундагы бейитинин жанына жөөттөрдүн Лаг ба-Омер майрамын белгилөө коронавируска байланыштуу чектөөлөр алынып салынгандан кийин Израилдеги биринчи массалык иш-чара болду. Полиция бул иш-чарага 100 миңге чукул адам катышып жаткандыгын билдирди.

Майрам учурунда жаракат алгандарды жана курман болгондордун сөөктөрүн эвакуациялоого өлкөнүн  аскер кызматкерлери катышууда.

Оор жаракат алгандар тик учактар менен эвакуацияланууда.

Алгач маалымат каражаттары майрам учурунда сахна кулап кетип, андан улам тыгын башталганын жазышкан. Премьер-министр Беньямин Нетаньяху окуяны “чоң кырсык” деп атады.

Өткөн жылы Лаг ба-Омер майрамы белгиленген эмес, бирок вируска каршы эмдөө программасынын аркасында өлкөдө инфекция азайып, майрамды өткөрүү чечими кабыл алынган.

Комментарий жиберүү