Саясий серепчи: Иран ШКУнун коопсуздугун бекемдейт

Ирандын ШКУга толук кандуу мүчө болуп кирүү ыктымалы жогору, анткени бул өлкө аймактагы коопсуздуктун маанилүү элементи.

Бул тууралуу РФ президентине караштуу Эл аралык мамилелер боюнча кеңештин мүчөсү Богдан Безпалко РИА Новостиге билдирди.

Буга чейин Индиянын Тышкы иштер министрлиги ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйырма үчүнчү саммити 4-июлда виртуалдык форматта өтөөрүн билдирген.

Россия президентинин ШКУ боюнча атайын өкүлү Бахтиёр Хакимов Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) толук кандуу мүчө катары кабыл алынышы ШКУнун Нью-Делидеги саммитинде негизги чечим болорун билдирген.

“Ирандын ШКУга кирүү мүмкүнчүлүгү бир топ жогору… Иран стратегиялык жактан маанилүү союздаш. Жакынкы Чыгышта алдыга жылууга жана бекемдөөгө жардам бере ала турган бул өлкө Кавказга жана Борбордук Азияга кас державалардын таасирине жол бербейт”, – деди Безпалко.

Анын айтымында, Иран учурда Ирак талкалангандан кийин жана америкалыктар Сириянын аймагына иш жүзүндө басып киргенден кийин түзүлгөн бардыгы террордук деп тааныган уюмдарга каршы күрөшүүдө.

Безпалько Иран Жакынкы Чыгыштагы эң күчтүү державалардын бири экенин, ал аркылуу “Перс булуңунун дээрлик бардык өлкөлөрүнө таасир этүүгө болоорун” баса белгиледи.

Буга чейин Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдуллахиан Ирандын Шанхай кызматташтык уюмуна кирүү процесси июль айында аяктай турганын билдирген. 

“Иран Шанхай Кызматташтык Уюмунун июлда өтө турган кезектеги саммитинде уюмга толук кандуу мүчө болот”, – деген ирандык министр.

ШКУнун 4-июлдагы саммити Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин төрагалыгы алдында виртуалдык форматта өтөт. Индиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, саммитке уюмдун бардык мүчөлөрү катышат.

Иран, Беларусь жана Монголия байкоочу катары, Түркмөнстан конок катары чакырылган.

Эске салсак, Ирандын ШКУга кирүү процедурасы 2021-жылы башталган. 2022-жылы өлкөнүн парламенти бул аракетти жактырган.

Былтыр 15-16-сентябрда Самаркандда ШКУнун саммити өтүп, ага Ирандын президенти Ибрахим Раиси катышкан. Анда Ислам Республикасы уюмга мүчө мамлекет статусун алуу боюнча милдеттенмелер боюнча меморандумга кол койгон.

Ирандын уюмга толук кандуу мүчө болуп киришин ШУКУнун бардык мүчөлөрү ратификациялаган.

Ошол эле саммитте 2015-жылдан бери байкоочу статусуна ээ болгон Беларустун ШКУга кирүү механизми ишке киргизилген.

Комментарий жиберүү