Стамбулда соттун имаратына кол салуу болду

Беш адам, анын ичинде үч полиция кызматкери Стамбулдагы соттун имаратына атылган октон жаракат алышты. Бул тууралуу Түркиянын ИИМнин жетекчиси  Али Ерликая X соцтармагында билдирди.

Кол салуу бүгүн, 6-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:46да болгон. Эки куралчан адам Чаглаян сотунун имаратына кире бериш жерде күзөт пунктуна чабуул жасашкан. Натыйжада кылмышкерлер жок кылынган.

“Кол салгандар – эркек жана аял”, – деп тактады министр.

Кол салуудан кийин соттун имаратына кирген жана чыккан эшиктер жабылып, ал аймакта полиция күчөтүлгөн тартипте иштеген.

Мындан мурда, 28-январь, жекшемби күнү Стамбул чиркөөсүндө эки эркек ал жерге диний жөрөлгөнү аткаруу үчүн келген 50 адамга ок аткан. Бул кол салуунун натыйжасында бир адам каза болуп, дагы бир нечеси жаракат алган. Кол салууга жоопкерчиликти ИМ (“Ислам мамлекети” – КРда тыюу салынган террордук уюм) алган.

ММКлардын маалыматына ылайык, чиркөөдөгү ок атууга байланыштуу кармалгандардын саны 51ге жеткен. Алардын 23ү депортациялана тургандыгы маалымдалган.

Мындан тышкары Түркия соту 25 кармалгандарды, анын ичинде бир россиялыкты камакка алган. Түркия юстиция министрлигинин башчысы   Йылмаз Тунч дагы тогуз шектүү соттун көзөмөлү астында эркиндикке чыгарылгандыгын тактаган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *