Талибан кыймылынын өкүлдөрү Өзбекстанга келди

Талибан өкүлдөрү Самаркандда Ооганстанга коңшу өлкөлөрдүн – Өзбекстан, Иран, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин төртүнчү жолугушуусуна катышты.

Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Иш-чарага Өзбекстан төрагалык кылды. Ооганстанга коңшу өлкөлөр бул мамлекеттин инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлоруна катышууга даяр экенин билдиришти.

Форумдун жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы кырдаалды, инклюзивдүү өкмөт түзүү, ооган аялдарынын жумушка орноштуруу, билим алуусун камсыздоо, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо маселесин талкуулашты.

Ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү жана улуттук экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган аракеттердин механизмин иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Тараптар Ооганстанда коңшу мамлекеттердин катышуусу менен инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну жакташты. Долбоорлор жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана бул өлкөнү аймактык экономикалык жараяндарга интеграциялоого жардам берери айтылды.Бул Ооганстан боюнча министрлердин төртүнчү жолугушуусу. Ооганстанга коңшу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусу 2021-жылдын сентябрь айында видеоконференция форматында, экинчиси – 2021-жылдын октябрында Тегеранда, үчүнчүсү – 2022-жылдын мартында Кытайдын Туньси шаарында өткөн. Анын жыйынтыгында тараптардын биргелешкен билдирүүсү жана Ооганстандын экономикасын кайра курууну колдоо боюнча “Туньси демилгеси” кабыл алынган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *