Иранда палестиндерди колдогон кемелердин парады өттү. Сүрөт

 Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскер-деңиз күчтөрү Палестина элине тилектештик көрсөтүү максатында Каспий деңизинде, Перс булуңунда жана Оман деңизинде  2700дөн ашуун кеменин катышуусунда ири парад өткөрдү.

Бул тууралуу иран маалымат каражаттары жазды.

Бүгүн, 14-апрель ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы – Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештигин билдиришет.

Аль-Кудс күнү Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күн Иран боюнча жыл сайын белгиленип, миңдеген адамдардын катышуусунда жөө жүрүштөр өтөт. Быйылкы акция кемелердин катышуусунда өзгөчө өткөрүлдү. 

Иш-чарага Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысы Алиреза Тангсири жана башка бир катар расмий адамдар катышты.

Комментарий жиберүү