Трампка алдамчылык боюнча 30дан ашык айып тагылышы мүмкүн

Манхэттенде арачылар соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка карата айыптоо корутундусун колдоду. Бул АКШнын мурдагы же учурдагы президентине кылмыш айыбы тагылган алгачкы учур.

Маалыматты жергиликтүү прокуратура расмий ырастады. Эми ишти сот карайт. Трампка айып 4-прелде тагылышы мүмкүн.

Бул тууралуу The New York Times басылмасына экс-президенттин адвокаты Сюзан Нечелес билдирген.

Трамп арачылар сотунун бул чечимин “саясий куугунтук жана тарыхтагы эң жогорку деңгээлде шайлоого кийлигишүү” деп атады.

Айыптоо корутундусунун чоо-жайы Дональд Трамп сотко жеткирилип, ага расмий айып тагылгандан кийин жарыяланат. CNN телеканалы өз булактарына таянып кабарлагандай, Трампка алдамчылыкка байланыштуу 30дан ашык пункт боюнча айып тагылышы мүмкүн.

Тергөө иштеринин бири Трамптын актриса Сторми Дэниэлске ортодогу мамиле тууралуу “үн катпоо үчүн” 130 миң доллар бергенине байланыштуу. Трамп өзү бул айыптоолорду четке кагууда. Иштин материалдарына ылайык, экс-президент Дэниэлске берилген акчаны юридикалык кызматтарга кеткен чыгымдардын катарына кошуп, мыйзам бузган.

Былтыр ноябрда Дональд Трамп Республика партиясынын атынан 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирген. Ага айып тагуу – формалдуу түрдө шайлоо өнөктүгүнө катышууга тоскоолдук жаратпайт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *